Көп балалуу 500дөн ашык аялга "Баатыр эне" ордени ыйгарылды

"Баатыр эне" ордени.

Президент Садыр Жапаров 18-майда жети жана андан көп балалуу энелерге “Баатыр эне” орденин ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду. Документке ылайык, Бишкек, Ош жана Кыргызстандын жети облусу боюнча 588 энеге орден ыйгарылган.

Кыргызстанда жети жана андан көп балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы ыйгарылат. 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 40 миңге жакындады. Алардын арасында пенсия алууга укугу жок болгондуктан социалдык жөлөк пул гана алгандар бар.

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Быйыл Энелер күнү 19-майга туш келди.

Дагы караңыз

Селден улам Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими кирдиБишкектеги окуядан 30дай адам жабыркаганы кабарландыИИМ Бишкекте кырдаал көзөмөлдө экенин билдирдиБишкектеги жатакананын жанына топтолгондор тарап кетти