Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

ИИМ Бишкекте кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди


Бишкекте коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милициянын атайын күчү, 18-май, 2024-жыл
Бишкекте коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милициянын атайын күчү, 18-май, 2024-жыл

18-майда таңкы саат 4кө чукул Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымат таратып, Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу экенин билдирди.

Маалыматта шаардык милициянын өздүк курамы ички аскерлер жана башка түзүмдөр менен бирдикте күчөтүлгөн шартта коомдук тартипти камсыз кылары белгиленет. Борбор калаанын бардык көчөлөрүндө транспорт каражаттары үчүн кыймыл калыбына келтирилгени да айтылат.

Социалдык тармактарда шаардагы жатаканаларда турган чет элдиктер сабалганы тууралуу видеолор тарап жатат. Бирок азырынча алардын чын-бышыгын аныктоого мүмкүн боло элек.

Ага чейин Бишкектин милициясы социалдык тармактарда белгисиз бирөөлөр жалган маалымат таратып жатканын билдирип, шаардыктарды чагымга алдырбай, сабырдуу болууга чакырган. Ошондой эле жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган.

Бишкектин Свердлов райондук милициясы бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын “Азаттыкка” билдирди.

Жума күнү кечинде Ички иштер министрлиги тараткан видеодо жүзү жабылган үч эркек кечирим сураганы көрүнөт. Алардын бири "Кыргызстандын бардык элинен кечирип сурайбыз. Мындай кайра кайталанбайт деп убада беребиз. Кыргызстандын мыйзамын сактап, кечирим сурайбыз. Кылганыбыз үчүн толук жоопкерчилик алууга даярбыз", - деп орусча айтканы угулат.

Кармалгандар кайсы өлкөнүн жарандары жана Кыргызстанда кандай максатта жүргөнү тууралуу маалымат берилген жок.

Милиция коомдук тартипти бузгандар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG