Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Бишкектеги окуядан 30дай адам жабыркаганы кабарланды


 18-май, 2024-жыл
18-май, 2024-жыл

Саламаттык сактоо министрлиги 18-майга караган түнү Бишкекте катталган окуяларда жабыр тарткандар тууралуу “Азаттыкка” маалымат берди. Ага ылайык, борбордогу жаңжалда 28 адам жараат алды.

Жабыр тарткандардын теңинен көбүнүн аты-жөнү жазылган, калганы ысымдары көрсөтүлгөн эмес. Аты-жөнү жазылгандардын бир тобу чет элдиктер экени, бир бөлүгү жергиликтүү жарандар экени көрүнүп турат.

Колго тийген маалыматтарга ылайык, жараат алгандардын көбүнө жеринен жардам көрсөтүлгөн, алар өздөрү ооруканага жатуудан баш тарткан. Кабарда бир нече адам ар кандай жарааттар менен ооруканага жаткырылып, кээлери милицияга өткөрүлүп берилгени кабарланат.

Социалдык тармактарда шаардагы жатаканаларда турган чет элдиктер сабалганы тууралуу видеолор тарады. Бирок азырынча алардын чын-бышыгын аныктоого мүмкүн боло элек.

Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги 18-майга караган түнү Бишкекте катталган окуяларга байланыштуу “Азаттыкка” кооментарий берип, жаракат алган жарандары тууралуу Кыргызстандын өкмөтүнөн маалымат алганын билдирди. Элчиликтин кызматкери билдиргендей, Бишкектеги окуядан 14 пакистандык жабыр тарткан, каза болгондор тууралуу маалымат жок.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Мындан кийин калаанын көчөлөрүндө ондогон жарандар топтолгон.

Бишкектин Свердлов райондук милициясы окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын “Азаттыкка” билдирди.

17-майдын кечинде Ички иштер министрлиги тараткан видеодо жүзү жабылган үч эркек кечирим сураганы көрүнөт. Алардын бири "Кыргызстандын бардык элинен кечирип сурайбыз. Мындай кайра кайталанбайт деп убада беребиз. Кыргызстандын мыйзамын сактап, кечирим сурайбыз. Кылганыбыз үчүн толук жоопкерчилик алууга даярбыз", - деп орусча айткан.

Кармалгандар кайсы өлкөнүн жарандары жана Кыргызстанда кандай максатта жүргөнү тууралуу маалымат берилген жок.

Милиция коомдук тартипти бузгандар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG