Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Бишкектеги жатакананын жанына топтолгондор тарап кетти


Жүздөгөн киши Бишкектеги жатакананын биринин жанына топтолгон, 18-май, 2024-жыл
Жүздөгөн киши Бишкектеги жатакананын биринин жанына топтолгон, 18-май, 2024-жыл

18-майга караганда Бишкектеги Курманжан Датка көчөсүндөгү чет элдиктер жашаганы айтылган имараттын жанында топтолгон жоон топ адам тарап кетти. “Азаттыктын” кабарчылары жеринен маалымдашкандай, алардын бир бөлүгү Чүй менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилиши тарапка багыт алышты. Чүй проспектисинин бир тарабында чогулгандар, экинчи тарапта коопсуздук күчтөрү турганы кабарланууда.

Социалдык тармактарда жатаканаларда турган чет элдиктер сабалганы тууралуу видеолор тарап жатат. Бирок азырынча алардын чын-бышыгын аныктоого мүмкүн боло элек.

Бишкек шаардык милициясы социалдык тармактарда белгисиз бирөөлөр жалган маалымат таратып жатканын билдирип, шаардыктарды чагымга алдырбай, сабырдуу болууга чакырды. Ошондой эле жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган.

Бишкектин Свердлов райондук милициясы бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын “Азаттыкка” билдирди.

Жума күнү кечинде Ички иштер министрлиги тараткан видеодо жүзү жабылган үч эркек кечирим сураганы көрүнөт. Алардын бири "Кыргызстандын бардык элинен кечирип сурайбыз. Мындай кайра кайталанбайт деп убада беребиз. Кыргызстандын мыйзамын сактап, кечирим сурайбыз. Кылганыбыз үчүн толук жоопкерчилик алууга даярбыз", - деп орусча айтканы угулат.

Маалыматка караганда мушташ 13-майда болгон. Кармалгандар кайсы өлкөнүн жарандары жана Кыргызстанда кандай максатта жүргөнү тууралуу маалымат берилген жок.

Милиция коомдук тартипти бузгандар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG