17-майда Бишкек шаардык соту “Kloop Media” коомдук фондун жоюу тууралуу Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган чечимге каршы берилген апелляциялык арызды кароодон баш тартты.
Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Kloop Media” порталынын адвокаты Нурбек Сыдыков билдирип, судья арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен деген жүйө келтиргенин билдирди. Анын сөзүнө караганда, апелляциялык арызды берүүдө Юстиция министрлигинин дарегиндеги бир сандан ката кетип калган.
“Арыз убагында берилген. Болгону Юстиция министрлигинин дареги Жаш гвардия бульвары 32 болсо, биздикилер 39 деп жазып алган. Бирок арыз Жаш гвардия бульварындагы эле дарекке берилген. Сот “силер туура эмес дарекке жибериптирсиңер” деп биринчи арызды артка кайтарган. Арыз кайра берилгени менен, убакыт өтүп кеткен деп койду”, - деди ал.
Нурбек Сыдыков шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко арыз берилерин айтты.
Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда “Kloop Media” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Медианы жабуу арызы менен Бишкек шаардык прокуратурасы сотко кайрылган.
Шаардык прокуратура “Клоопту” жабуу боюнча сотко кайрылганы 2023-жылы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.
“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.
“Kloop Media” порталын жабуу боюнча соттун чечимин эл аралык жана жергиликтүү бир катар уюмдар сынга алып, бийликти “Клооптун” сайтын ачууга чакырып келет. (BTo)
Дагы караңыз
Быйыл төрт айда жол кырсыктары 4% өстүАКШнын НАТОдогу элчиси Батыш Балкан өлкөлөрүн коргонуу чыгымын көбөйтүүгө чакырды УКМК "Бүтүн Кыргызстандын" лидеринин орун басары шайланган жагдайды териштирип жататПрезидент Жапаров алтын жана агасы тууралуу айтылгандарга кайрадан комментарий берди“Крокус Ситидеги” кол салууга шектелип кармалгандардын абактагы мөөнөтү узартылдыОш - Сары-Таш - Эркечтам жолу сел калдыктардан тазаландыУКМК интимдик кызмат көрсөтүү уюштургандар кармалганын билдирдиТашиев Матраимов мамлекетке 200 млн доллар кайтарышы керек экенин айтты