Си менен Путиндин билдирүүсүндө Украина тууралуу да айтылды

Си Цзинпин жана Владимир Путин.

Орусия президенти Владимир Путин Кытайга мамлекеттик сапар менен барды. Бүгүн 16-майда ал Бээжинде Кытай лидери Си Цзинпинге жолукту, жыйынтыгында «Ар тараптуу өнөктөштүктү жана стратегиялык өз ара кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу» биргелешкен билдирүүгө кол коюлду.

Путин Москва менен Бээжиндин алакасы кимдин-бирөөгө каршы багытталбаганын айтып, Кытайды Орусиянын негизги экономикалык өнөктөшү деп атады.

Биргелешкен билдирүүдө Украина маселеси боюнча Кытай менен Орусия согуштун уланышына жана кырдаалдын курчушуна көмөктөшүүчү бардык кадамдарды токтотуу зарылдыгын белгилешери жана "анын көзөмөлдөнбөгөн фазага өтүшүнө жол бербөөгө чакырары" айтылды. Ошондой эле "украин кризисин чечүүнүн оптималдуу формасы катары диалог маанилүү" экени белгиленди.

Путинди эки күндүк сапарында Орусиянын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн дээрлик көпчүлүгү коштоп жүрөт.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков расмий Бээжин менен сүйлөшүүлөрдө Украина маселеси, тынчтык жолу менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланарын айткан. Орусия Кытайдын тынчтык демилгесин жогору баалай турганы бир нече жолу жарыяланган. Бирок анын өзөгүн сүйлөшүүлөрдү орус аскерлерин Украинанын аймагынан чыгарбай туруп жүргүзүү сунушу түзөт.

Кытай Орусияны Украинага басып кирген күндөн бери бир да жолу айыптай элек. Орус бийлигин согуш ачканы үчүн айыптаган БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына да добуш берген эмес, бирок АКШны жана Батышты «жаңжалды козутуп жатышат» деп бир нече жолу айыптаган. Ошол эле учурда Кытай Орусия Украинага таандык болуп келген Крымды аннексиялап алганын, анын айрым облустарын өзүнүкү деп жарыялап алганын эч качан расмий түрдө тааныган эмес жана орус бийлигинин өзөктүк курал колдонуу тууралуу билдирүүлөрү «таптакыр кабыл алынгыс» экенин Кремлге ачык айткан.

Bloomberg басылмасы Путин бул сапары менен эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн жогорулатууну көздөп жатканын белгилеген. Быйыл март айында Кытайдын Орусияга экспорту бир жыл мурдагыга салыштырганда Батыштын санкцияларынан улам 16 пайыз төмөндөшү ыктымал экени айытылган.

Кытай Орусиянын Украинадагы согушуна жардам боло турган станокторду, электроника жана башка товарларды экспорттойт, өзү андан мунай азыктарын сатып алып, бюджетин толтурууга колдоо көрсөтүүдө.

АКШ эгер Кытай Орусияга кош колдонуудагы товарларды жөнөтө бере турган болсо экинчи баскычтагы санкциялар жарыяланарын эскерткен.

Өткөн аптада Синин Европа сапары учурунда Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Лейен аны Украинадагы согушту токтотуу үчүн Москвага болгон таасирин колдонууга чакырышкан. Си Кытай бул согушта кайсы бир тарап эмес экенин айтып, тынчтыкты каалоо менен гана чектелген. (RK)

Дагы караңыз

Венгрияга ишке барып жумушсуз калгандардын маселеси көтөрүлдүДепутат "Ата-Бейитте" иштегендердин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыМуртазалиев шайлоого байланыштуу президентке кайрылды Зеленский Харьковдо абал көзөмөлдө, бирок өтө татаал экенин айтты