Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Зеленский Харьковдо абал көзөмөлдө, бирок өтө татаал экенин айтты


Владимир Зеленский фронт тилкесинде.
Владимир Зеленский фронт тилкесинде.

Украинада Харьков облусунда абал жалпысынан көзөмөлдө экенин, бирок бул багыт «өтө татаал» болуп турганын өлкө президенти Владимир Зеленский 16-майда фронттогу кырдаал боюнча жыйында билдирди. Жыйын кармаш жүрүп жаткан тилкеге жакын аймакта өттү.

«Бүгүнкү күнгө карата Харьковщинада абал жалпысынан көзөмөл алдында, биздин жоокерлер оккупанттарга олутуу жоготууларды алып келүүдө. Бирок бул багыт өтө татаал бойдон кала берүүдө – аскердик бөлүктөрүбүздү бекемдеп жатабыз», – деди ал.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 16-майдын таңындагы маалыматына караганда, украин аскерлери Кисловка айылынын түндүк тарабында тактикалык турумун бекемдеп, орус аскерлерин четке чыгарышты.

Волчанскиде орус армиясынын шаардын ичкери жагына кирип, ошол жакта бекем турумда калуу аракети ишке ашпаганы, кармаш азыр да уланып жатканы, кырдаал көзөмөлдө экени да маалымдалды.

Украин армиясы Волчанск шаарынын аймагынан аскерлерин аман сактап калуу үчүн "башка позицияларга өткөрүлгөнүн" 15-майда билдирген. Ал арада орус күчтөрү калаага киргени кабарланган. Орус армиясы Волчанск шаарына чабуулун 10-майда күчөткөн.

Орусия Украинанын Харьков облусу менен чектеш тилкесине 50 миңдей аскерин топтогонун, алардын 30 миңи чабуул коюп жатканын 13-майда AFP агенттигине курган маегинде Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Александр Литвиненко билдирген. Ал чек ара тилкесинде орус аскерлеринин аракети уланып жатканын айткан, бирок «Харьков шаары чабуул коюлуп алынат деп коркон жерибиз жок» деп белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG