Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:48

Депутат "Ата-Бейитте" иштегендердин айлыгын көтөрүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков "Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинде иштегендердин айлыгын көтөрүүнү, каржылык абалын жакшыртууну сунуштады. Бул тууралуу 16-майдагы жыйынында айтып, өкмөттүн парламенттеги өкүлүнөн муну Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги карап чыгышы керектигин суранды.

Айдарбековдун белгилешинче, "Ата-Бейитте" иштегендердин маянасы - 7000 сом.

Аталган комплексте иштегендер айлыктын көлөмү тууралуу бул маалыматты "Азаттыкка" тастыктап, катардагы жумушчулар 7000 сомдон, жетекчилик кызматтагылар андан көбүрөөк эмгек акы аларын билдиришти.

“Ата-Бейит” - постсоветтик чөлкөмдөгү даректүү далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын көрүстөнү. Ага бөлүнгөн жылдык бюджет айлыктан, социалдык төлөмдөрдөн жана кеңсе иштеринен артпай, музейди кармоо үчүн кошумча чыгымдар талылуу маселе болуп жатканын комплекстин жетекчиси Болот Абдрахманов "Азаттыкка" билдирген.

Улуттук тарыхый мемориалдык комплекс Бишкектен 30 чакырым алыста, Чүйдүн Аламүдүн районунда жайгашкан. Ал жерде өткөн кылымдагы сталиндик репрессия маалында курман болгон 137 кыргызстандыктын сөөгү бар. Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, 2010-жылдагы ыңкылапта курман болгондордун сөөгү да "Ата-Бейитте" жерге берилген.

1991-жылдын 30-августунда расмий ачылган комплексте 30дан ашуун адам эмгектенет.

XS
SM
MD
LG