Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:36

Венгрияга ишке барып жумушсуз калгандардын маселеси көтөрүлдү


Жогорку Кеңештин жыйындар залы. Архив.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы. Архив.

Венгрияга заводго иштегени барып жумушсуз калган Кыргызстандын жарандары боюнча маселе Жогорку Кеңештин 16-майдагы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Таалайбек Сарыбашов адамдарга өлкөнүн ичинде жумушчу орундарын түзүп берүүгө аракет кылуу керек экенин айтты.

“Ортомчу компаниялар биздин 200гө жакын жараныбызды Венгрияга заводго ишке алып барып эми алар жумушсуз отуруп калышыптыр. Ушундай компанияларга да көңүл бурушубуз керек болуп атат”, - деди депутат.

15-майда “Азаттыктын” сайтына “Венгрияга ишке барып ара жолдо калдык” деген макала чыккан. Анда Венгрияга заводго иштегени барган 200дөн ашуун кыргызстандык бир эле күндө “завод жабылды” деген негиз менен жумушсуз калышканы айтылган.

Алар ишке жиберген ортомчу компания жумушчуларга иш берүүчүлөрдүн талаптарын түшүндүрбөй жибергенине нааразы болуп жатышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул маселени көзөмөлгө алганын билдирген.

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалы тууралуу жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар акыркы эки жылы катары менен эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири катары жумушсуздукту аташкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG