Кыргызстанда ак ниет ишкерлердин реестри түзүлөт

Кыргызстандагы ишканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда ак ниет ишкерлердин реестри түзүлөрүн билдирди. Ага кошула турган бизнесмендерди министрликтеги ведомстволор аралык комиссия аныктайт.

Реестрге кирген ишкерлер мамлекеттик телеканалдардан медиа жарнама үчүн акысыз эфирдик убакыт алат, салык жана бажы кызматтарын кезексиз колдонот, Кыргызстандагы эл аралык көргөзмө, жарманке, форумдарга акысыз катышат.

Андан тышкары салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо, реестрге киргизилген учурдан тартып мамлекеттик мекемелердин текшерүүсүнөн үч жылга бошотулат. Мамлекеттик насыялоо программалары менен жеңилдетилген каржы алса болот.

Кыргызстанда ишкерлерди текшерүү укугу 16 мамлекеттик органда бар. Алардын ичинен Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция, Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча агенттик, Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат ишкерлерди көп текшерет. Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы да бар.

9-январда президент Садыр Жапаров бизнесмендерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу тууралуу жарлыкка кол койгон. (BTo)

Дагы караңыз

Чет өлкөдөгү тергөө абактарында 788 кыргыз жараны сот чечимин күтүүдөБишкектеги тигүү цехтеринде иштеген Пакистандын 28 жараны кармалды Кыргызстанда уран иштетүүгө уруксат берүү боюнча документ ЖКга түштүАкаев балдарды массалык иш-чараларга тартууга тыюу салуу керек экенин айттыКүйдүргү жуккан деген кишиге Бишкекте операция жасалды“Манас” аэропортунан бомба табылган жок