Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Бишкектеги тигүү цехтеринде иштеген Пакистандын 28 жараны кармалды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги тигүү цехтеринде "мыйзамсыз иштеп жатат" деген негиз менен Пакистандын 28 жараны кармалганын билдирди.

Атайын кызмат алардын Кыргызстанда жүрүүгө уруксат берген визаcынын жарактуу мөөнөтү өтүп кеткенин аныктаган. 16-майда таратылган расмий кабарга ылайык, алар Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы бир күн мурда борбордо мопед, мотоцикл менен жеткирүү кызматтарында иштеген 400дөн ашык чет элдик студенттердин ишин токтоткон.

Милиция мындай чара чет өлкөлүк студенттердин катышуусунда жол кырсыктарынын көбөйгөнүнө байланыштуу жана алар аралашкан кылмыштардын алдын алуу, аныктоо үчүн жасалып жатканын маалымдаган.

12-апрелден бери Бишкек милициясынын Мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы аракеттенүү кызматы ар кайсы тармактарда иштеген чет өлкөлүк жарандарды текшерип, Кыргызстандын аймагында жашоо же иштөө эрежелерин бузгандарга жалпы 1 млн 248 миң 500 сом айып салган.

Ички иштер министрлиги 2024-жылдын үч айында Кыргызстанда мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча 59 факты аныкталып, бардык топтолгон материалдар сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Бул убакыт ичинде өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузгандарга 19 млн 97 миң сом айып пул салынган.

XS
SM
MD
LG