Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Күйдүргү жуккан деген кишиге Бишкекте операция жасалды


Ош шаарындагы ооруканалардын бири. Күйдүргү жуккан бейтап. Архивдик сүрөт.
Ош шаарындагы ооруканалардын бири. Күйдүргү жуккан бейтап. Архивдик сүрөт.

Күйдүргү жуккан деген шек менен ооруканага түшкөн Кеминдин 34 жаштагы тургунуна Бишкек шаарындагы Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда операция жасалды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев билдирди. Анын сөзүнө караганда, бейтап Кеминде мал союлуп анын этин алганын айткан. Анын ириңдеп кеткен колуна операция жасалып, анализдери иликтенип жатат.

Күйдүргү - кишиге малдан жугуучу жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Оорунун очогу 100 жылга чейин ачылбай, адистер жылына эки ирет дезинфекциялап турушу зарыл. (BTo)

XS
SM
MD
LG