Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

“Манас” аэропортунан бомба табылган жок


Бомба коюлганы тууралуу маалыматтан кийин эвакуация болгондор. 16-май, 2024-жыл.
Бомба коюлганы тууралуу маалыматтан кийин эвакуация болгондор. 16-май, 2024-жыл.

16-майда “Манас” эл аралык аэропортуна бомба коюлган деген маалыматтан улам аэропорттун кызматкерлери менен жүргүнчүлөр эвакуация болуп, 40 мүнөттөн кийин кайра имаратка киришти.

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирип, бомба коюлганы тууралуу маалымат электрондук почтага келгенин, бомба табылбаганын кабарлады. Пландалган рейстер токтотулган жок.

Бишкектен 23 чакырым алыстыкта жайгашкан “Манас” эл аралык аэропорту Кыргызстанда манилүү транспорттук мекеме болуп саналат.

Анын курамына Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо –“Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ. (BTo)

XS
SM
MD
LG