Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү.
Документтин маалымкат-негиздемесинде уранды жана торийди казып алууда заманбап технологиялар колдонулуп ага мамлекет көзөмөл кылары, бул кен казып алуунун айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жардам берери жазылган.
Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров январь айында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин билдирген.
Расмий маалыматка ылайык, Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык маалыматтарда, СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталган. Геологдордун айтымында, Кызыл-Омполдо уран, торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттардын кени уюп жатат.
2019-жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон.
Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон. (BTo)
Дагы караңыз
Акаев балдарды массалык иш-чараларга тартууга тыюу салуу керек экенин айттыКүйдүргү жуккан деген кишиге Бишкекте операция жасалды“Манас” аэропортунан бомба табылган жокЗурабишвили "чет элдик агент" мыйзамы Грузия мамлекеттүүлүгүнө коркунуч жаратарын айтты15-май: Кемпирабадчылар бийликке кайрылды, Словакиянын премьерине кол салуу болду