Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:38

15-май: Кемпирабадчылар бийликке кайрылды, Словакиянын премьерине кол салуу болду


Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого кол салуу болгон жер, 15-ма. 2024-жыл
Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого кол салуу болгон жер, 15-ма. 2024-жыл

15-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Айыпталуучу Кеңешбек Дүйшөбаевди үй камагына чыгаруу талабы

Кемпир-Абад ишине айыпталган саясатчы, активисттер ушул эле иш боюнча кине тагылган Кеңешбек Дүйшөбаевди ден соолугуна байланыштуу бийликке кайрылып, аны үй камагына чыгарууну суранышты. Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан саясатчыны конвойлор ден соолугуна байланыштуу 14-майда сотко көтөрүп алып келишкен. Жаза аткаруу кызматы Дүйшөбаевдин абалы туруктуу жана медициналык кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө экенин билдирди.

Свердлов округунда кайра шайлоо өткөрүү сунушталды

Борбордук шайлоо комиссиясы комиссиясы (БШК) президент Садыр Жапаровго Бишкектеги №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөрүүнү сунуштады. Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызынын негизинде сот Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарып, БШК 7-майда депутаттын мандатын алган. Атазов соттун чечимин мыйзамсыз деп сыпаттаган.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим сталиндик репрессияны эскерди

Премьер Анвар Ибрагим Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы жыйында өткөн кылымдагы сталиндик репрессияга учкай токтолду. Ал кыргыз эли мамлекеттүүлүгүн түптөө жараянында тарыхта курмандыкка чалынган, кайгылуу окуяларга туш болгонун белгилеп, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн сакталып калганына кубанарын кошумчалады. ди. Малайзиянын лидери Куала-Лумпур менен Бишкек экономикалык, маданий багытта кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, эки өлкө адал индустрияны өнүктүрүү жаатында кызматташтыкты жандантарын айтты. Президент Жапаров эки өлкө ортосундагы келишимдер менен макулдашууларды заман талабына жараша иштеп чыгуу зарылдыгын, тараптардын ортосунда саясий-карама-каршылык жоктугун белгиледи. Кыргыз-малай дипломатиялык алакасы 1992-жылы башталган. 1997-жылы Кыргызстан Куала-Лумпурда элчилигин ачкан.

Сирия менен Ирактан 517 бала алынып келди

Сирия жана Ирактагы лагерлерден баш-аягы 517 өспүрүм жана бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Ташкентте билдирди. УКМК 2018-жылдагы маалыматында айтылгандай, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү набыт болгон. Бишкек бул эки өлкөнүн лагерлеринде отурган 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдирген.

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого кол салуу болду

Словакиянын Ички иштер министрлиги премьер-министр Роберт Фицого кол салуу болгонун тастыктады. Окуя борбор калаа Братиславадан анча алыс эмес аймакта болгону, ал өкмөттүн жыйынына катышкандан кийин чыгып, элдин арасынан өтүп баратканда ага ок атылганы маалымдалууда. 59 жаштагы өкмөт башчы ооруканага жеткирилгени, анын жарааты канчалык оор жана абалы кандай экени тууралуу азырынча расмий кабарлана элек. Шектүү кармалды, тек-жайы айтыла элек.

Reuters: Газанын түндүк жана түштүк аймагында кармаш күчөдү

Газанын түндүгүндө да, түштүгүндө да Израил аскерлеринин (ЦАХАЛ) ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) жана башка куралчан майда топтор менен атышуусу чукул арада күч алганын, азыркы тапта айыгышкан кармаш жүрүп жатканан Reuters агенттиги билдирди. Бул маалыматты эки тарап тең тастыктаганы кабарланды. ЦАХАЛдын танктары Газанын түндүк-чыгышындагы Жабалия аймагына жеткенин, ал жактан катуу каршылыкка туш болгонун, үйлөр талкаланганын жергиликтүү тургундар айтып беришти. Ал эми тилкенин түштүгүндө ЦАХАЛдын чабуулдарынан миллиондон ашуун палестин баш калкалап турган Рафах шаарында атышуу уланды.

Грузияда «чет элдик агент» мыйзамына каршы акция уланууда

«Азаттыктын» грузин кызматынын маалыматына караганда 15-майда да борбор калаа Тбилисиде миңдеген демонстрант чогулду. Бир нече аптадан берки коомчулуктагы нааразылыкка, Батыш өлкөлөрүнүн сынына карабастан бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын демилгеси жана аракети менен "чет элдик өкүл" мыйзам долбоору 14-майда парламентте кабыл алынган. Президент Саломе Зурабишвили тынч митингдерди колдоп, бул мыйзамга вето коёрун айткан. Мамлекет башчынын чечим кабыл алышына мыйзамда 10 күндүк мөөнөт каралган. Бирок «Грузин кыялынын» жана парламенттеги ага өнөктөш фракциялардын депутаттары президенттин ветосун ашып өтүүгө добушу жетиштүү экенин билдиришкен. Парламентинттеги добуш берүүдөн кийин бир нече аптадан бери нааразылыкка чыгып жаткан демонстранттар менен полиция кагылышты.

Тажикстанда балдардын жарамазан айтуусуна тыюу салынды

"Идгардак" деп аталган жөрөлгөгө расмий түрдө тыюу салган мыйзам долбоорунда Орозо айтта жана Курман айтта орунсуз жана ашыкча ысырапкорчулукка мындан ары жол берилбей турганы, таттуу жана башка белектерди берүүгө уруксат жок экени белгиленет. Мыйзам долбоору парламенттин төмөнкү палатасында колдоо тапканын “Азаттыктын” тажик кызматы жазды. Быйыл апрель айында коңшу өлкөнүн Билим берүү министрлиги мектеп директорлоруна окуучучулардын "идгардакка" катышуусуна тыюу салган буйругун жолдогон. Айрым мектептерде, айрыкча борбор калаа Дүйшөмбүдө ата-энелерден тилкат алынганы да маалымдалган.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

XS
SM
MD
LG