БШК Свердлов шайлоо округунда кайра шайлоо өткөрүүнү сунуштады

Кыргызстанда өткөн шайлоонун бири.

Борбордук шайлоо комиссиясы комиссиясы (БШК) 15-майдагы отурумунда президент Садыр Жапаровго Бишкектеги №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөрүүнү сунуштады.

Бишкектин административдик соту 1-мартта Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызынын негизинде №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган.

Бир айдан кийин Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Шайлоодо баштапкы эсеп боюнча Абдурахманхажи Муртазалиев эң көп добуш алган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы анын каттоосун жокко чыгарып, буга добуш сатып алуу фактысы негиз болгонун билдирген.

Быйыл февраль айында Абдурахманхажи Муртазалиев Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, БШК аны канааттандырган эмес. Абдурахманхажи Муртазалиев бул чечимге каршы сотко арыз берип, Бишкектин административдик жана Бишкек шаардык сотунан утуп алган.

Жогорку сот 30-апрелде Шайлообек Атазовдун мандат маселесине байланыштуу буга чейинки эки инстанциянын токтомун жокко чыгаруу боюнча арызын карап, аны мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырган.

Жогорку соттун басма сөз кызматы соттук коллегия андан тышкары БШКнын 2022-жылдын 9-мартындагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча чечими жокко чыгарылганын билдирген. Башкача айтканда, Абдурахманхажи Муртазалиевдин алган добушу жарактуу деп табылган.

БШК бул окуялардан кийин 7-майда Шайлообек Атазовдун мандатын алган.

Абдурахманхажи Муртазалиев Борбордук шайлоо комиссиясы ага мандат бербей жатканын айтып Башкы прокуратурага кайрылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Абдурахманхажи Муртазалиевди депутат кылып бекитүү боюнча соттун баштапкы инстанцияларында сөз болгонун, бирок Жогорку соттун чечиминде ал талап колдоо таппаганын айткан. (BTo)

Дагы караңыз

БШК Таластагы шайлоо боюнча чечимдерге каршы Жогорку Сотко кайрылдыПутин эки күндүк сапар менен Кытайга баратReuters: Газанын түндүк жана түштүк аймагында кармаш күчөдүБишкекте 400дөн ашык чет элдик студенттин жумушу токтотулдуКайра шайлоо: эки округдан он адам депутат болуу ниетин билдирдиБлинкен НАТО саммитинде Украина үчүн "олуттуу кадамдар" жасаларын айтты Грузияда «чет элдик агент» мыйзамына каршы акция уланууда Кемпир-Абад иши: Бузурманкулов тергөө абагында сабалганын айтууда