Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Reuters: Газанын түндүк жана түштүк аймагында кармаш күчөдү


Газа сектору. 2024-жылдын 13-майы.
Газа сектору. 2024-жылдын 13-майы.

Газанын түндүгүндө да, түштүгүндө да Израил аскерлеринин ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) жана башка куралчан майда топтор менен атышуусу чукул арада күч алганын, азыркы тапта айыгышкан кармаш жүрүп жатканан 15-майда эртең менен Reuters агенттиги билдирди. Бул маалыматты эки тарап тең тастыктаганы кабарланды.

Израилдин танктары сектордун түндүк-чыгышындагы Жабалия аймагына жеткенин, ал жактан катуу каршылыкка туш болгонун, үйлөр талкаланганын жергиликтүү тургундар айтып беришти.

ХАМАСтын союздашы “Ислам жихады” тобунун согушкерлери израилдик бир нече аскерди жок кылганын жарыялады.

Израил 15-майга караган түнү Жабалиядагы «террорчуларга жана алардын инфраструктурасына» каршы операция жүргүзгөнүн, “көп сандагы террорчуларды” жок кылганын маалымдады.

Ал эми сектордун түштүгүндө, израилдик аскерлердин чабуулдарынан миллиондон ашуун палестин баш калкалап турган Рафах шаарында атышуу ал-Салам жана Женейна кварталдарында уланды.

Газадагы атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик туңгуюкка кептелген абалда экенин 14-майда Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман бин Жассим ал Тани билдирген. Ал Израилдин Рафахтагы операциясы тынчтык сүйлөшүүлөрүн «артка тартууда» деп айткан.

Борбор калаасы Дохада 2012-жылдан бери ХАМАС тобунун саясий кеңсеси жайгашып келаткан Катар өлкөсү Египет жана Кошмо Штаттар менен Газадагы абалды жөнгөрүү боюнча ортомчулук сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келе жатат. Алардан азырынча майнап чыга элек.

Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө. Операцияны баштоого 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу негиз болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик сегиз айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 35 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул сандан күмөн санабай турганын 14-майда жарыялады.

Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары билдирип жатышат.

Көптөгөн өлкөлөр Израилди жай тургундарга өтө ырайымсыз мамиле жасап жатат деп айыптоодо, ал эми израилдик аскерлер ХАМАСтын гана инфраструктурасын жок кылып келатканын, согушкерлер элди тирүү калкан катары колдонуп, объектилерин эл көп жашаган жерлерге орнотуп жатканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG