БШК Таластагы шайлоо боюнча чечимдерге каршы Жогорку Сотко кайрылды

Эмилбек Абдыкадыров жана Бактыбек Чойбеков. Коллаж.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) №21 Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Бишкек шаарынын административдик соту жана Бишкек шаардык соту чыгарган чечимдерге каршы Жогорку Сотко арыз берди. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы 15-майда кабарлады.

Бишкек шаарынын административдик соту 28-февралда бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Эмилбек Абдыкадыровдун арызын канааттандырган.

Бул чечимди Бишкек шаардык соту 9-апрелде күчүндө калтырган.

2021-жылы сөз болуп жаткан округдан талапкер болгон Эмилбек Абдыкадыровдун өкүлү Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп келген Бактыбек Чойбеков добуш сатып алганын айтып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнгөн. Боршайком 22-февралдагы отурумунда аны канааттандырган эмес.

Бактыбек Чойбеков 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп шайланган.

Эмилбек Абдыкадыров 2022-жылы февралда Бишкектин мэри болуп дайындалган. Бул кызматтан 2023-жылы ноябрь айында кетип, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп бекиген. Бул кызматта үч айдай гана иштегенден кийин жумуштан алынган. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте 400дөн ашык чет элдик студенттин жумушу токтотулдуReuters: Газанын түндүк жана түштүк аймагында кармаш күчөдүКайра шайлоо: эки округдан он адам депутат болуу ниетин билдирдиБлинкен НАТО саммитинде Украина үчүн "олуттуу кадамдар" жасаларын айтты Грузияда «чет элдик агент» мыйзамына каршы акция уланууда ЖКда шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын азайтуу долбоору четке кагылдыБылтыр сегиз судья кызматтан кетип, 35 сот тартиптик жазага тартылды