Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:27

ЖКда шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын азайтуу долбоору четке кагылды


Кыргызстанда өткөн шайлоонун бири.
Кыргызстанда өткөн шайлоонун бири.

15-майда Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттик шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын азайтуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда четке какты.

Документти 14 депутат иштеп чыккан. Демилгечилердин бири Замирбек Мамасадыковдун сөзүнө караганда, долбоордо бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болгондор 100гө чейин, ал эми партиялар 5 миңден ашпаган үгүтчү жалдай алат деп жазылган. Ал бул шайлоодо добуш сатып алууну азайтып, саясий иш-чаранын атаандаштыкта өтүшүнө шарт түзө турганын айтты.

Азыр иштеп жаткан мыйзамдын негизинде, бир мандаттуу шайлоо округдарында талапкерлер 500гө чейин, ал эми саясий партиялар 10 миңден ашпаган үгүтчү менен расмий келишим түзүп, иштей алат.

Жогорку Кеңеште бир мандаттуу шайлоо округдардан депутат болуп шайланып келгендер аз үгүтчүлөр менен шайлоо программасын элге жеткирүүгө мүмкүн эмес экенин айтып каршы чыгышты.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна 29 депутат “макул”, 25 депутат “каршы” добуш берип документ четке кагылды.

2021-жылы күчүнө кирген Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган. (BTo)

XS
SM
MD
LG