Жазуучулар союзунун төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга абакка кескен Аламүдүн райондук сотунун өкүмү боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Ал кайсы гана өлкөдө болбосун жазуучунун жана журналисттин эркиндигинен ажыратылышы өкүнүчтүү экенин айтты.
“Биз мындай чечимди күткөн эмес элек. Олжобай Шакирдин сөздөрү боюнча корутунду чыгарып берген эксперттердин тыянагын анализдеп көрүш керек. Бул чечим кыргыз журналистикасы, жазуучулар үчүн өтө өкүнүчтүү. Кайсы гана өлкөдө болбосун жазуучунун, журналисттин кылмыш жообуна тартылышы өкүнүчтүү”, - деди Каныбек Иманалиев.
14-майда Чүйдүн Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты. Адвокаты Акмат Алагушев кийинки инстанцияга апелляциялык арыз бере турганын билдирди.
Олжобай Шакир сотто акыркы сөзүн сүйлөгөндө онлайн митинг уюштуруп, эл менен бийликти диалогго чакыргысы келгенин айтып, коюлган айыпты четке какты.
Ал 2023-жылы 23-августта кармалып, ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат.
Былтыр 6-декабрда ага айыбы угузулган. Прокурор Олжобай Шакир интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү азыркы “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.
Жазуучу коюлган айып менен макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. 2023-жылы 31-августта онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.
Олжобай Шакир 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеген. (BTo)
Дагы караңыз
Сот Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыраттыИрандык режиссер мекенинен чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирдиБишкек шаарындагы атышууга шек саналып тогуз киши кармалдыБишкекте борбордук көчөлөрдүн айрым бөлүктөрү оңдоо үчүн жабылатКараколдо фермерлер сүттүн баасына нааразы болуп чогулду Ырчы жана активист Аскат Жетигендин иши сотко жеттиПутин Патрушевди жана Дюминди өзүнө жардамчы кылып дайындады