Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:58

Бишкекте борбордук көчөлөрдүн айрым бөлүктөрү оңдоо үчүн жабылат


18-майдан тарта Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү оңдоо үчүн жабылат. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү, Ахунбаев көчөсүнүн Манас проспектисинен Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот. Бул көчөлөр акыркы жолу 2001-2003-жылдары ремонттолгон.

Мындан тышкары, мэриянын планына ылайык, 2024-жылы Бишкектин дагы төрт негизги көчөсү да оңдолот:

  • Чүй көчөсү Манас проспектисинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин;
  • Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;
  • Юнусалиев көчөсү Сухэ-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин;
  • Жибек-Жолу проспектиси Курманжан Датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин.

Бишкектин жолдорунун абалы актуалдуу маселелердин бири. Апрелде вице-мэр Максатбек Сазыкулов борбордо чуңкурларды оңдоо менен алектенген алты бригада иштеп жатканын "Азаттыкка" билдирген. Ал 2024-жылы 22 чакырымга жакын жолду реконструкциялоо пландалып жатканын кошумчалаган.

Вице-мэр жол оңдоого шаардык бюджеттен бир миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөнүн айткан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG