Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:41

Ырчы жана активист Аскат Жетигендин иши сотко жетти


Аскат Жетиген.
Аскат Жетиген.

“Массалык баш аламандыктар” жана “бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча шек саналып кармалган акын жана активист Аскат Жетигендин иши сотко өттү. Бул тууралуу адвокат Самат Матцаков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Жетигендин иши боюнча алгачкы угуу 14-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда болот. Алдын ала угуу жабык өтөрү айтылды.

Аскат Жетиген 20-мартта кармалып, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 19-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камалган.

Ага 2024-жылдын 15-мартында Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш иши козголгонун ошол учурда адвокаты Венера Буудайбекова билдирген.

Алгач Аскат Жетигенди УКМК 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон.

Венера Буудайбекова буга чейин, УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам “бийликти басып алууга чакырык жасалган” деген айып менен 2022-жылы кылмыш ишин козгогонун кабарлаган. Аскат Жетиген ага байланыштуу бир нече жолу сурак берип чыккан. Тергөөчү ырчы сөздөрүнө байланыштуу экспертизалык корутундунун негизинде кармалганын айткан.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” деп аталган ыры менен эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинде казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG