Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:55

Караколдо фермерлер сүттүн баасына нааразы болуп чогулду


Каракол шаардык администрациясына чогулган фермерлер. 14-май, 2024-жыл.
Каракол шаардык администрациясына чогулган фермерлер. 14-май, 2024-жыл.

14-майда Каракол шаардык администрациясына фермерлер сүттүн баасына нааразы болуп чогулушту.

Жер-жерден келген адамдар сүттүн баасы 26 сомго чейин түшүп кеткенине айтып, анын наркын көтөрүүнү талап кылышты. Фермерлердин айтымында, сүттүн баасы өзүн актабай жатат. Аларды президенттин Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кабыл алды. Ак-Суу районунан келген фермер Гүлзат Алмерекова “Азаттыкка” сүт боюнча буларды айтты.

“Сүттүн баасы 26 сомго түштү. Бул абдан арзан. Облус боюнча сүт саткандардын талабы - бааны көтөрүп берүү. Бир жарым ай мурун 3 миң кишинин колун топтоп, Камчыбек Кыдыршаевичке таштап келгем. Бүгүн жыйын кылып “бааны чечебиз” дешкенинен чогулуп келдик”, - деди ал.

Кыргызстанда сүттүн баасына байланыштуу маселе жыл сайын көтөрүлөт. Жогорку Кеңеш былтыр сүттүн баасын жөнгө салууга байланыштуу атайын мыйзам долбоорун кабыл алган, бирок ага президент Садыр Жапаров каршы пикирин билдирип, кол койбой артка кайтарган.

Документтин автору, депутат Акылбек Түмөнбаев быйыл апрель айында аны токтом кылып кайра даярдап, ал парламентте колдоо тапкан. Анда сүттүн бир литринин баасы 40 сомдон кем болбосун деген шарт жазылган. Акылбек Түмөнбаев 8-майда парламентте бул токтом үч айдан бери аткарылбай жатканын айтып, буга байланыштуу өкмөттү сынга алган. (AsK)

XS
SM
MD
LG