Орусияда президент Владимир Путин 16 жылдан бери өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп келген Николай Патрушевди өзүнө жардамчы кылып дайындады. Патрушев катчылык кызматтан 12-майда алынган, анын ордун буга чейин коргоо министри болуп иштеген Сергей Шойгу ээлеген.
Путин өзүнө дагы бир жардамчы кылып Алексей Дюминди дайындады, ал 2016-жылдан бери Тула облусунун губернатору кызматын ээлеп келген. Губернаторлукка чейин ал Путиндин жеке жансакчысы болчу.
Президенттик администрациянын башчысынын жаңы орун басары болуп буга чейин Путиндин жардамчысы болуп иштеген Максим Орешкин дайындалды. Сергей Кириенко, Алексей Громов жана Дмитрий Козак администрация башчысынын орун басары кызматын сактап калышты. Антон Вайно администрация башчысы бойдон калды.
Армия генералы Николай Патрушев Путинге эң жакын күч кызматкерлеринин бири экени белгилүү. 2008-жылга чейин ал көп жыл бою Федералдык коопсуздук кызматын (ФСБ) жетектеген, Батыш Орусияга коркунуч жаратары тууралуу пикрин бир нече жолу айткан. 2008-жылдан бери ал Орусиянын Коопсуздук кеңешин башкарып келди.
АКШ, Европа Биримдиги, Улуу Британия, Канада, Жапония жана башка бир катар мамлекет Патрушевге каршы санкция жарыялашкан. Анын кичүү уулу Андрей да АКШнын жана Улуу Британиянын санкциясына кабылган. Дагы бир уулу Дмитрий өкмөттүн жаңы курамында вице-премьерлик кызматка ээ болду.
Бешинчи президенттик мөөнөткө (алты жылдык) киришкен Владимир Путиндин инаугурациясы Орусияда 7-майда өткөн. (RK)
Дагы караңыз
Самаркиндин иши боюнча Жогорку Соттун төрагасы да комментарий бердиЫрчы жана активист Аскат Жетигендин иши сотко жеттиУкраина бир нече аймагы Орусиянын чабуулуна кабылганын билдирди“Путин Украинада узакка согушууну көздөйт." Белоусов эмнени өзгөртөт?