Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:01

Украина бир нече аймагы Орусиянын чабуулуна кабылганын билдирди


Харьков. 2024-жылдын 10-майы.
Харьков. 2024-жылдын 10-майы.

Украинада Орусиянын чабуулдарынан соңку суткада бир киши каза болгонун, дагы бир нече киши жараат алганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 14-майда эртең менен билдиришти.

Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысактын айтымында, Никопол шаарында артиллериялык соккудан 45 жаштагы жергиликтүү тургун каза болду.

Харьков облусунун башчысы Олег Синегубов Харьков шаарында төрт киши жараат алганын, үйлөр, автомашиналар, гараждар талкаланганын маалымдады.

Украин аскерлери шейшембиге караган түнү Орусия Киев, Донецк, Днепропетров, Черкасск, Кировоград, Запорожье, Херсон жана Хмельницкий облустарынын аймагына учурган Shahed дрондорунан 18ди атып түшүрүшкөнүн Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы билдирди.

Орусия Украинанын Харьков облусу менен чектеш тилкесине 50 миңдей аскерин топтогонун, алардын 30 миңи чабуул коюп жатканын 13-майда AFP агенттигине курган маегинде Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Александр Литвиненко билдирди.

Ал «Азыркы тапта чек ара тилкесинде орус аскерлеринин аракети уланып жатканын» айтты, бирок «Харьков шаары чабуул коюлуп алынат деген коркунучту көргөнүбүз жок", - деп билдирди.

Орусия Харьков облустарына чабуулдарын 10-майда баштап, бир нече айылды ээлеп алды. Азыркы тапта Волчанск шаары үчүн кармаш жүрүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG