Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Самаркиндин иши боюнча Жогорку Соттун төрагасы да комментарий берди


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 2022-жылы эки жаштагы Егорду сабоого айыпталып соттолуп, бир жылдан кийин эки жылга пробацияга бошотулган Александр Самаркиндин иши боюнча “Азаттыкка” комментарий берди:

“Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде оорлотуучу жана жеңилдетүүчү жагдай деген бар. Соттор ушул эки тарабын тең эске алып, таразага салып анан жаза чектейт. Бул иште Александр Самаркин мурда соттолбогону, кылган иши үчүн өкүнүп жатканы эске алынган экен. Ал эми оорлотуучу жагдай катары ал алсыз балага күч колдонгону деп табылса керек. Мен судьялардын ишине кийлигише албайм. Бирок мен Жогорку Соттун төрагасы катары коомчулуктагы, анын ичинде мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн пикирине көңүл бурушум керек”, - деди ал.

Ушул эле иш боюнча 14-майда Жогорку Соттун судьялары да маалымат беришти.

13-майда Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында Егорду сабаган деп соттолгон Александр Самаркинге пробация колдонулганын сынга алып, мындай кылмыштар үчүн катуу жаза берилиши керек экенин айткан.

Егор 2022-жылдын 3-февралында Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө колу-буту күйүп, бети-башы, денеси көгала жана жыныс органы кесилген абалда түшкөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон.

Егорду сабоого айыпталып Александр Самаркин кармалып, Сокулук райондук соту аны 2022-жылдын июнь айында беш жылга абакка кескен. 2023-жылдын март айында Чүй облустук соту өкүмдү күчүндө калтырган.

2023-жылдын июнь айында Жогорку Сот буга чейинки эки инстанциянын өкүмүн жокко чыгарып, Александр Самаркинге эки жылдык пробация чегерген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG