11 журналисттин иши Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөрүлөт

Кылмыш иши козголгон журналисттер. Коллаж.

Бишкектин Биринчи май райондук соту “массалык башаламандыктарга” шек саналып жаткан 11 журналисттин ишин Бишкектин Ленин райондук сотуна жиберди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул токтом мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин иш Ленин райондук сотуна өтөт. Аны менен кошо Биринчи май райондук соту Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Махабат Тажибек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Актилек Капаровдун жана Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтүн дагы узартканы белгилүү болду.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийин “Temirov Live” редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.

Мындан тышкары, 9-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Ошентип, камакка алынган 11 журналисттин төртөө – “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Чудинов “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясына жетекчи болдуСузактагы окуя: Комиссия алты адамды кызматтан бошотууну сунуштадыЖамалбек Ырсалиев Бишкектин вице-мэри болуп кайрадан дайындалды13-май: Темиров жубайы абакта сабалганын билдирди, Бишимбаев 24 жылга соттолду УКМК "Йакын Инкардын" мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү болгонун билдирди Орусия Крымдын беш тургунун “Украинага тыңчылык кылды» деп соттоду