Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:42

Сузактагы окуя: Комиссия алты адамды кызматтан бошотууну сунуштады


Сузакта болгон окуя. Сүрөт интернеттен алынды. 2-май, 2024-жыл.
Сузакта болгон окуя. Сүрөт интернеттен алынды. 2-май, 2024-жыл.

Президенттин басма сөз кызматы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда “Манас айтуу” сынагында окуучуларды автоунаа сүзүп кеткен окуянын чоо-жайын иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши аягына чыкканын билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлгөн комиссиянын корутундусунда бул иш-чаранын уюштуруучулары катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрбөгөндүгү белгиленген.

Облустук, райондук ички иштер органдарынын жетекчилери, жүктөлгөн милдеттерин толук аткарбаганы, билим берүү мекемелеринин жооптуу адамдары райондук жана облустук администрациялар менен өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү аныкталган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери “Урааным Манас” сынагын өткөрүүнүн датасы жөнүндө кабардар болгон эмес. Сузак райондук мамлекеттик администрациясы акциянын датасы тууралуу чечимди телефондон тараткан жана иш-чара расмий эс алуу күндөрү уюштурулган.

Ага райондогу 2 878 окуучу жана 18 мектептин 341 мугалими катышкан. Ошол эле учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында эки гана жол коопсуздугун камсыздоо инспектору тартылган.

Ведомстволор аралык комиссия тартиптик жаза жарыялоо, ошондой эле тармактык министрликтердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин ээлеген кызматтарынан бошотууну сунуштады. Бардыгы болуп тартиптик жоопкерчиликке 21 кызматкер тартылды, анын ичинен алты адамды кызматынан бошотуу сунушу берилди. Алар кимдер экени так көрсөтүлгөн эмес.

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында “Манас айтуу” фестивалында дөңдөн ылдый жылган “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү машине иш-чарага катышып жаткан балдарды коюп кеткен. 3 миңге жакын окуучунун 30дан ашыгы жабыр тартып, алардын көбү ооруканага түшкөн. Балдардын ону атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, айрымдарына операция жасалган.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен иш козгогон. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, автоунаанын 48 жаштагы айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалып, 5-майда үй камагына чыккан.

Катуу жабыркаган беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон, башка жаракат алган балдарга 50 миң сомдон бөлүнгөн. (BTo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG