Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:13

Орусия Крымдын беш тургунун “Украинага тыңчылык кылды» деп соттоду


Крым.
Крым.

Орусия аннексиялап алган Крымда сот “Украинанын пайдасына тыңчылык кылган» деген айып менен беш жергиликтүү тургунду соттоду. Аймактын Жогорку соту украин жарандыгы бар беш кишини 11-16 жылга эркинен ажыратканын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) Коомдук байланыш борбору 13-майда билдирди.

Алар Украинанын Коопсуздук кызматына фронттогу орус аскерлеринин жайгашкан жери, саны, маршруту тууралуу маалымат берип турган, ошонун негизинде украин тарап Орусиянын аскер кызматкерлеринин позицияларына сокку урган деп айыпталды.

2023-жылы Орусияда тыңчылык тууралуу берененин негизинде тогуз киши соттолгонун, бул 2009-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болгонун Орусиядагы ачыктык үчүн күрөшүп келе жаткан юристтердин жана журналисттердин “Первый отдел” бирикмеси жазды. Укук коргоочулар мындай айып менен кармалгандар, соттолгондор дагы көбөйөрүн боолгоп жатышат.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, тыңчылык боюнча жоопко тартуу чарасы чет элдик гана жарандар үчүн каралган. Анын жазасы – 20 жылга чейин эркинен ажыратуу.

2008-жылы Орусия президенти Владимир Путин "Крым талаштуу аймак эмес. Орусия Украинанын азыркы чек арасын тааныйт", - деп айткан. Ал эми 2014-жылы Крымды аннексиялап алган. 2022-жылы Украинага аймактык доо артып, толук масштабдуу согуш ачкан.

Ошондон бери орус бийлиги Украинанын шаар-кыштактарын куралдын көптөгөн түрү – учкучсуз согуштук учак, ракета, авиациялык бомба, жапырт аткылоочу система менен аткылоодо, бирок жарандык объектилерди бутага алганын четке кагууда.

Батыш убада кылган курал-жарактын жетишсиздигинен фронтто абал оор экенин, азыркыдан да оорлошу ыктымал болуп турганын 3-майда Economist басылмасына курган маегинде Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын башчысынын орун басары Вадим Скибицкий билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG