Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:54

13-май: Темиров жубайы абакта сабалганын билдирди, Бишимбаев 24 жылга соттолду


Куандык Бишимбаев менен Бахытжан Байжанов сот залында, Астана, 29-март, 2024
Куандык Бишимбаев менен Бахытжан Байжанов сот залында, Астана, 29-март, 2024

13-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Темиров менен ЖАКтын кайым айтышы

Орусияга Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору, жубайы Махабат Тажибек кызы Бишкектеги №1 тергөө абагында ур-токмокко алынгандан кийин тартылган делген сүрөттөрдү жарыялады. Жаза аткаруу кызматы бул маалыматты дагы бир жолу четке кагып, 5-апрелде Тажибек кызы отурган камерадагы бир аялды башка камерага которуу учурунда чыр чыкканын, аны камералаштары "өзүнүн өтүнүчү боюнча сабап, атайылап ырайымсыз мамиле жасашканы" аныкталганын билдирди. Махабат Тажибек кызына “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлган. Журналист аны четке каккан.

Сот бейбаштыкка шек саналып кармалган алты кишини абакта калтырды

Эки айга камалган алты кишинин төртөөнүн бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу апелляциялык арызды Бишкек шаардык соту 29-апрелде карап, четке какканы белгилүү болду. Бул тууралуу ушул иш боюнча камакка алынган Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев жана Илимбек Истамовдун (Исраилов) адвокаты Памир Суранбаев билдирди. 9-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту Руслан Самудин уулу, Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев, Мирлан Стамов, Илимбек Истамов (Исраилов) жана Нурак Акимовду Бишкектеги №1 тергөө абагына 8-июнга чейин камакка алган. Социалдык тармактарда бийликти колдогон адамдар 8-апрелде “Бейбаштык” жана “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренелери менен айып тагылып кармалган.

ИИМ: Жолдогу кырсыктын 92% айдоочулар күнөөлүү

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча өлкөдө жол кырсыктарынын 92% айдоочулардын күнөөсүнөн болот. Расмий маалыматка ылайык, быйыл 1-январдан 17-мартка чейин өлкөдө 1173 жол кырсыгы катталып, 82 адам каза болуп, 1 673 киши жаракат алган. 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан.

Газа: Рафахтагы качкындардын 300 миңге жакыны башка шаарга жөнөдү

Израил армиясы Газа секторунун түндүк жана түштүк тилкесин көздөй улам жылган сайын ал жактагы жай тургундар башка шаарларга кетүүгө мажбур болууда. Рафах шаарын Израил ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) акыркы таянычы деп санайт. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилдин коргоо министри Йоав Галант менен Рафахтагы абалды талкуулаганын, Кошмо Штаттар израилдик аскерлердин Рафахта жердеги операцая баштоосуна каршы экенин жекшемби күнү Мамлекеттик департамент маалымдады. Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт.

АКШга Тажикстандын мекеме, аткаминерлерине каршы санкция жарыялоо сунушу берилди

АКШнын Эл аралык дин тутуу эркиндиги боюнча комиссиясы (USCIRF) жарыялаган кезектеги жылдык баяндамасында Тажикстандагы мыйзам бузууларды белгилеп, Кошмо Штаттардын өкмөтүнө бул өлкөнүн мамлекеттик органдарына жана кызмат адамдарына «дин тутуу эркиндигинин олуттуу бузулушу» үчүн санкция жарыялоону сунуштады. Быйылкы баяндамада Тажикстанда бийликти сындагандар, оппозиционерлер “экстремизм” деген шылтоо менен куугунтукталып жатканы, аскерге чакыруу планы аткарылбаганы үчүн мечиттер жабылган окуялар бар экени, Тоолуу Бадакшан автоном облусунда “Ага Хан фонду” менен байланышы бар айрым объектилердин ишмердүүлүгү чектелип жатканы, “Жахаба күбөлөрүнө” тыюу салынганы белгиленди. USCIRF баяндамасында дин тутуу эркиндиги жаатындагы АКШнын эл аралык саясаты баяндалып, баа берилет.

Казакстанда аялынын өлүмүнө айыпталган экс-министр Бишимбаев 24 жылга эркинен ажыратылды

Астананын район аралык кылмыш сотунда угузулган өкүмгө ылайык, 31 жаштагы Салтанат Нукенованы "өзгөчө мыкаачылык менен уруп-сабап, кыйнап өлтүргөн" деп айыпталган экс-министр 24 жылга эркинен ажыратылды. Ал жаза мөөнөтүн коопсуздук чаралары күчөтүлгөн абакта өтөмөй болду. Ал эми "кылмышты жаап-жашырган" деген айып менен кармалган Бахытжан Байжанов төрт жылга кесилди. Соттук териштирүү 11-мартта башталган. Былтыр 9-ноябрда Нукенова ресторанда алган жараатынан эсине келбей көз жумган. Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда абактан чыккан.

Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган акциялар уланууда

"Азаттык" радиосунун армян кызматы кабаралагандай дүйшөмбүдө түшкө чейин полиция кармап кеткендердин саны 171ге жетти, кийин алардын 156сы коё берилди. Кармалгандарга "укук тартибин коргоо органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийген жок" деген айып тагылганын, полиция айрымдарына күч колдонгонун жергиликтүү медиа кабарлады. Ереванда нааразылык акциясы 9-майда башталган. Аны Армян Апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы, архиепископ Баграт Галстанян баштап, элди өкмөткө баш ийбөөгө чакырган. Миңдеген киши чогулган митингде Пашиняндын өкмөтү коңшу Азербайжан менен чек арадагы талаштуу төрт айылды азери тарапка эч кандай кепилдик албастан өткөрүп берип койгону айтылган.

Эки эки жөө күлүк Олимпиадага жолдомо алды

Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму кыргызстандык эки жөө күлүк - Илья Тяпкин менен Сардана Трофимовага Париж олимпиадасына квота иретинде жолдомо берди. Ушуну менен Кыргызстандын эсебинде Парижде өтө турган жайкы Олимп оюндарына 13 лицензия бар. Алардын ичинен 10 лицензияны күрөш боюнча балбандар алса, бир жолдомуну суучул Денис Петрашов алган.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

XS
SM
MD
LG