Балбан Айаал Лазарев Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Айаал Лазарев.

Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев быйыл Парижде өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды.

Лазарев 12-майга караган түнү Түркиянын Стамбул шаарында күрөш боюнча Олимпиадага дүйнөлүк тандоо мелдешинде, 125 килограмм салмакта жарым финада венгриялык Даниел Лигетини 12:2 эсебинде жеңди.

Буга чейин ал 1/8 финалда ямайкалык Аарон Жонсонду 10:0, чейрек финалда өзбекстандык Хасанбой Рахимовду 11:2 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан.

Ушуну менен Кыргызстандын эсебинде Парижде өтө турган жайкы Олимп оюндарына 11 лицензия бар.

Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов Олимпиадага катышууга укук алган. (ECh)

Дагы караңыз

Ат-Башыда катуу шамалда чатырдан кулап кеткен киши Бишкекке которулдуЭсептик чен азайды. Насыялардын үстөк пайызы арзандайбы? Ноокенде сууга жакын курулган турак жай, курулуштар бузулат"Зеленскийдин көзүн тазалоону пландашкан". Эки полковник аралашкан кутум Жалал-Абадда селдин кесепетин жоюу иши уланууда