Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

"Зеленскийдин көзүн тазалоону пландашкан". Эки полковник аралашкан кутум


Украинанын президенти Владимир Зеленский Аскердик чалгындын башчысы Кирилл Будановго “Алтын жылдыз” орденин тапшырып жатат. Киев, 9-февраль, 2024-жыл
Украинанын президенти Владимир Зеленский Аскердик чалгындын башчысы Кирилл Будановго “Алтын жылдыз” орденин тапшырып жатат. Киев, 9-февраль, 2024-жыл

6-12-майда дүйнө басылмаларында жарыяланган айрым макалаларга сереп.

"Орусия Кыргызстанда жумшак күч дипломатиясына өткөндөй

“Америка авазы” (VOA ) 5-майдагы макаласында Кыргызстанда Орусиянын таасири күчөп жатканын талдаган. Макаланын башында апрелдин ортосунда чет жактагылар мындай турсун кыргыз расмий делегациялары сейрек каттаган Таласка орус бийлигинин өкүлдөрү барып кеткени баяндалган.

Маалыматка караганда, президент башкармалыгынын тышкы маданий байланыштар бөлүмүн жетектеген Игорь Маслов баштап барган топ Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерин сыйлоо салтанатына катышып, жергиликтүү мектептерге окуу китептери менен жабдыктарды тапшырды.

Делегациянын мүчөсү Владимир Коробовский бул сапар жана берилген көмөк Орусия-Кыргызстан достугунун символу болгонун айтты.

Ал эми аймактагы айрым эксперттер орус делегациясынын сапарын Москванын Борбор Азиядагы таасирин кеңейтүү аракеттеринин бири деп сыпатташат.

Карнеги борборунун Орусия жана Евразия боюнча изилдөөчүсү Темур Умаров ошол таасир Москва Украинага кол салгандан бери солгундаганын, аймактагы бир да өлкө аннексияланган украин жерлерин тааныбаганын анализдеринин биринде жазган.

Андан ары баяндалгандай, Орусия ушул өңдүү аракеттерге нааразы болгонун жашырган эмес жана эми жумшак күч дипломатиясына өткөндөй...

“Бутага бардык борбор азиялык жумурият алынганы менен негизги көңүл Кыргызстанга бурулууда. Орус тили жана маданияты ал жакта кеңири жайылган”, - деп улантат макаланын автору. Кыргызстан андан тышкары Москва үстөмдүк кылган уюмдардын мүчөсү. Орусия Кыргызстанда 2029-жылга чейин орус тилдүү мектептерди курганы жатат.

Москва каржылаган Кыргыз-Орус Славян университетинен тышкары жыл сайын кыргызстандык миң студентке орус окуу жайларында искусство жана так илимдер боюнча билим алууга стипендия бөлүнөт. Орусиялык 120 чакты мугалим орус тили жана адабияттан сабак беришет. 40 орусиячыл бейөкмөт уюм орус дипломатиясын жайылтышат.

Кээ бир талдоочулар ошол аракеттердин акыбети кайтып жатканын белгилешет. Атын атабоону каалаган Бишкектеги эксперттердин бири Кыргызстан “орус тили жана маданияты коомдо үстөмдүк ролун ойногон региондогу бир ууч өлкөлөрдүн бири” деген пикири менен бөлүштү.

Анын айтымында, Кремль медианы Кыргызстандагы пропаганда куралы кылып пайдалангандыктан, көптөгөн киши эл аралык окуяларга келгенде орусиячыл көз карашты карманышат. Эксперт “бейөкмөт уюмдарды көзөмөлгө алууга бийликке кеңири ыйгарым берүүгө жол ачкан мыйзам Орусияныкынан көчүрүлүп жазылганын” кошумчалады.

Макалада Орусиянын Кыргызстандагы таасирин күчөтүү аракеттери айрым саяатчыларды да сарсанаа кылары айтылат. Мисал катары Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиевдин орус тилинин үстөмдүгүнө байланыштуу айтылган сөздөрү мисал келтирилет.

Автор президент Садыр Жапаров спикердин сөзү анын гана жеке оюн чагылдырарын айтканын белгилеген.

"Ага чейин президент Орусия каржылаган мектептер боюнча активисттердин тынчсыздануусуна жооп кайтарып, ал жактарда сабактар эки өлкөдө кабыл алынган окуу программаларына ылайык жүргүзүлөрүн, билим берүү орус тилинде болорун белгилеген", - деп баяндалат макалада.

Орусиянын коопсуздук кызматы Зеленскийди өлтүрүүнү пландаганбы?

Жума күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский Күзөт кызматынын башчысын иштен алды. Анын алдында, 7-майда украин бийлиги жогорку жетекчилерди кайтаруу вазийпасын аткарган кызматтын эки полковниги Зеленскийдин көзүн тазалоо кутумуна катышкан деп камакка алынганын билдирген.

The Washington Post жазганына караганда, алар орус президенти Владимир Путиндин инаугурациясына “белек” кылып Зеленскийди жана дагы бир нече жогорку даражалуу аткаминерди өлтүрүүгө көмөктөшмөк.

Украинанын мамлекеттик коопсуздук кызматы (СБУ ) эки шектүү адам Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) тарабында иштегенин билдирип, алардын ысымдарын атаган жок, сүрөттөрүндө жүздөрү жабылган. Атайын кызмат алардын сурагынан аудио тасманы да чыгарды.

Маалыматка ылайык, полковниктерге Зеленскийдин жана башка жетекчилердин кайда жүргөнү тууралуу маалымат берип туруу, кол салууну уюштурууга көмөктөшө турган агенттерди жалдоо тапшырмасы берилген.

“ФСБнин чалгын түйүнү аскерлерге, президентти кайтарган адамдарга жакын кишилер арасында бирөөлөрдү таап, мамлекет башчыны барымтага алуу, кийин аны өлтүрүү максатын койгон”, - деп жазды СБУ.

Билдирүүдө Зеленскийден тышкары алар атайын кызматтын башчысы Василий Малюкту жана Аскердик чалгын кызматынын жетекчиси Кирилл Будановдун көзүн тазалоону көздөшкөнү айтылды. Будановду өткөн жекшембиде майрамдалган православ Пасхасы алдында жок кылууну пландашкан.

Ал үчүн полковниктер анын кайтаруучуларынын арасынан агентти жалдап, ал Будановдун кайда жүргөнүн маалымдап турмак.

“Ракета менен аткылоо пландалган. Биринчи чабуулдан кийин агент тирүү калгандарды дрон менен жок кылмак. Ошондон кийин орусиялыктар учкучсуз учактын издерин жашыруу үчүн дагы бир ракетадан сокку урмак”, - деп маалымдаган СБУ.

Камалган полковниктерге мамлекеттик чыккынчылык айыбы тагылганын украин Башкы прокуратурасы билдирди. Бирөө “теракт даярдоого көмөктөшүү” үчүн да күнөөлөнүп жатат. Экөө тең Орусия Украина басып кирген 2022-жылдын февралына чейин эле Москва тарапта иштегени аныкталды.

Видеодо полковниктердин бири кол салууну даярдоо үчүн ага курал, анын ичинде мина жана жардыруучу зат менен дүрмөттөлгөн дрондор берилгенин, аларды мурда макулдашылгандай Киев-Одесса жолунун боюна таштаганын айтты.

“2014-жылдын майынан бери кызматташканым үчүн акчаны чет өлкөдөгү кездешүүлөр маалында алып турдум. Согуш башталгандан бери акча чет жактардагы туугандарымдын эсебине которулуп калды”, - деп айтып берди шектүүлөрдүн бири.

CNN жазгандай, украин бийлиги кутумдар тууралуу буга чейин да кабарлап келген.

2023-жылдын августунда Николаев шаарында президенттин көзүн тазалоо кутумуна байланыштуу бир аял камалган. Ал мамлекет башчынын сапары тууралуу чалгын маалыматтарды чогултуп жүргөнү үчүн айыпталган. Анын негизинде Орусия ракетадан сокку урмак. СБУ ал аял “маалыматты баскынчыларга өткөрүп берүү” аракети учурунда колго түшүрүлгөнүн билдирген.

Өткөн айда Польшанын расмий адамдары Зеленскийге кол салууга жардам берүү үчүн орус тыңчыларына маалымат берүүнү көздөгөн киши колго түшүрүлгөнүн билдиришкен. Прокурорлордун айтымында, ал украин президенти чет мамлекеттерге учканда пайдаланган Польшанын түштүк-чыгышындагы аэропорттогу коопсуздук тууралуу маалыматты өткөрүп бермек. СБУ ал кутумдун бетин ачкан.

Кол салуу аракеттеринен тышкары Зеленский майданга барганда же бомбалоолор учурунда бир нече жолу кыйын абалга кептелген жайы бар. Мартта Грекиянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен чогуу Одессага барганда алардын машинелерине жакын жерге сокку урулган.

Былтыр Будановдун жубайы Марианна оор металл менен ууландырылып, ооруканага жатып чыкканы кабарланган. Орусия ууландырууга тиешеси бар деген дооматтарды четке каккан.

AstraZeneca короновируска каршы вакцинасын чыгарбайт

AstraZeneca COVID-19 вакцинасын мындан ары чыгарбайт. Financial Times жазгандай, коронавируска каршы жаңы препараттар рынокто толуп калгандыктан британ компаниясы ушундай чечимге келди.

Шаршембиде AstraZeneca өз вакцинасынын “глобалдык пандемияны ооздуктоодогу ролуна сыймыктанарын”, бирок Vaxzevria мындан ары чыгарылбай турганын билдирди. Бул вакцина төрт жыл мурун, пандемия башталаган бир нече айдын ичинде Оксфорд университетинин окумуштуулары менен биргеликте иштелип чыгып, 2020-жылдын этегинде Британия аны жактырган. Ошондон бери кардарлар 3 млрд доза менен камсыздалган.

Басылма Pfizer, BioNTech жана Moderna өңдүү атаандаштарынан айырмаланып, AstraZeneca продукциясын өз баасына сатууну тандаганын, коммерциялык эмес моделди кабыл алганын, препарат пандемия менен күрөштө маанилүү роль ойногонун жазат.

Аны колдонууга киргизүү бир топ тоскоолдуктар менен коштолгон. Бир четинен эмделгенден кийин айрым адамдардын каны уюган учурлар байкалган. экинчи жагынан Еврошаркет менен пикир келишпестиктер болуп келген. Быйыл мартта компания биримдиктен Vaxzevriaнын каттоосун жокко чыгарууну талап кылып, 7-майда ал аткарылды.

Маалыматка ылайык, фармацевтикалык компания 2023-жылы вакцинасынан 12 миллион доллар киреше тапты. 2021-жылы 4 млрд доллар болгон.

AstraZeneca чыгарган вакцина АКШда жактырылган эмес. Жогоруда айтылган кан уюган учурлардан кийин Евробиримдик жаштарды бул препарат менен эмдөөнү чектеген.

Ушу тапта компания Жейми Скотт аттуу киши менен соттошуп келатат. Ал вакцина сайылгандан кийин олуттуу тромб пайда болгон деп доомат артууда.

AstraZeneca COVID-19га каршы вакцинасын чыгарбоо чечиминин буга байланышы жок экенин айтып келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG