Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Ат-Башыда катуу шамалда чатырдан кулап кеткен киши Бишкекке которулду


Шамал кыйраткан чатыр. Иллюстрациялык сүрөт.
Шамал кыйраткан чатыр. Иллюстрациялык сүрөт.

Ат-Башы районунда болгон катуу шамал учурунда үйүнүн чатырынан кулап кетип, оор жаракат алган 55 жаштагы адам санавиация менен Бишкектеги Улуттук госпиталга которулду. Бул тууралуу Ат-Башы райондук ооруканасынын жетекчиси Азим Ажибек уулу "Азаттыкка" билдирди.

"Абалы бир аз турукташып калганына байланыштуу 12-майда санавиация менен Бишкекке котордук. Улуттук госпиталдын тиешелүү адистери алып кетишти. Бейтапты саламаттык сактоо министри өзү көзөмөлүнө алды", - деди ал.

Баштапкы маалыматка ылайык, ал чатырдан кулаган кезде көп жеринен жаракат алган, мээси чайкалган, жамбашы жабыркаган, кабыргасы сынып, өпкөсүн тешип кирип кеткен.

Азим Ажибек уулу шамалдан жабыркап ооруканада жаткан эки бала: 14 жашар кыз менен анын 1,5 жашар бөбөгүнүн абалы да жакшырып баратканын кошумчалады. Дарыгердин сөзүнө караганда, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган 1,5 жашар наристенин абалы жакшы, тамак жеп, ойноп калды.

10-май күнү Нарындын Ат-Башы районунда катуу шамал болуп, ылдамдыгы секундасына 24, Нарын жана Ак-Талаа райондорунун аймагында соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18 метрге чейин жеткен.

Шамалдан улам, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын имараты баштаган алты социалдык мекеменин жана 36 менчик үйдүн чатырлары кыйраган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кайрылуулар түшкөн аймактарда тактоо иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG