Жалал-Абадда селдин кесепетин жоюу иши уланууда

Сел баскан аймакты тазалоо. Жалал-Абад облусу. 12-май, 2024-жыл.

10-11-май күндөрү Жалал-Абад облусунун Сузак, Аксы, Токтогул, Чаткал райондорунда жана Майлуу-Суу, Кара-Көл шаарларында сел жүрүп, 5 турак жайдын короолорун жана ички чарбалык жолдорду каптаган.

Аксы районунун Кара-Суу дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Кара-Камыш айыл аймагында дарыянын жээгине чектеш жайгашкан төрт турак үйгө кооптуулук жаралган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бул аймактарда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын маалымдады. Ага ылайык, ӨКМдин жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан сел суулары тартылып, ички жолдор кум-таштардан тазаланууда.

10-11-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен, Ош облустарынын айрым аймактарында да сел жүргөн. Бирок айыл-кыштактарга, жолдорго коркунуч жаралган эмес.

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында апрель айында да сел жүрүп, айрым райондоруна бир нече күн чукул кырдаал киргизилген. Селдин кесепеттерин аныктоо үчүн атайын мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. (ZKo)

Дагы караңыз

Азербайжан менен Армения чек ара тууралуу сүйлөшүүнү жанданттыТбилиси: Миңдеген киши "Чет элдик агент" долбооруна каршы жүрүшкө чыктыEurovision: Швейцариянын жеңиши, финал алдындагы чыр "Мандат бербей жатат". Атазовдун ордуна талапкер БШКны айыптадыСанкт-Петербургда сууга кулаган автобустун айдоочусу ооруканада