Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Азербайжан менен Армения чек ара тууралуу сүйлөшүүнү жандантты


Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсү. Алматы. 11-май, 2024-жыл.
Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсү. Алматы. 11-май, 2024-жыл.

Еревандагы нааразылык акцияларына карабай, Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Алматыда кайрадан сүйлөшүүлөрүн жандантты. 11-майда уланган сүйлөшүү Түштүк Кавказдагы кырдаал боюнча тынчтык келишимин түзүүгө багытталды.

Баку көп жылдар бою армян тектүүлөр көзөмөлдөп келген аймакты былтыр кайтарып алган жана аны бекемдөөгө аракеттенүүдө.

Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян 10-май күнкү билдирүүсүндө өз өлкөсү тынч келишимге эле эмес, транспорттук каттамдарды ачууга да даяр экенин айткан.

Тараптар 19-апрелде кол койгон протоколго ылайык, Ереван менен Баку чек аранын айрым тилкелери боюнча баштапкы келишимге жетишти. Ага ылайык, чек ара совет учурундагыдай бөлүнөт да, Ереван 1990-жылдардан бери көзөмөл кылып келген төрт айылга ээлигин жоготот.

Келишимге башында архиепископ Баграт Галстанян башында турган армян оппозициясы каршылыгын билдирип, Ереванда он миңдеген адамдар катышкан митингдерде премьер-министр Никол Пашиняндын бийликтен кетиши талап кылынган. 10-май күнү Еревандагы митингде архиепископ жарандык каршылыктар улана берерин билдирген.

Чек ара боюнча эки өлкөнүн келишимин АКШ, Евробиримдик жана оппозиция сынга алган премьер-министр Пашинян кубаттады.

30-апрелде армян парламентиндеги отурумда өкмөттү колдогон депутаттар 52 жаштагы архиепископ Галстанянды орусиялык тыңчы деп атап, аны Азербайжан менен мамиленин кайрадан чыңалышын козутууда деп айыпташкан.

Пашинян чек ара боюнча мындай келишим коңшу Азербайжандын аскердик агрессиясына жол бербөө үчүн зарыл экенин айткан.

Эки өлкө акыркы 30 жыл ичинде Советтер Союзу урагандан кийин этностук армяндар отурукташкан анклавга айланып, эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныган Тоолуу Карабак үчүн үч жолу согушту. Анда эки тараптан миндеген кишинин өмүрү кыйылды.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Чек араны тактоо тууралуу кезектеги сүйлөшүүлөр быйыл жыл башында башталган.

XS
SM
MD
LG