Депутаттыкка талапкер Муртазалиев Башкы прокуратурага кайрылды

Абдурахманхажи Муртазалиев.

Бишкектин №29 Свердлов райондук бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев Башкы прокуратурага кайрылды. Ал башкы көзөмөл органынан депутаттык мандатын алууга көмөктөшүүнү сурады.

Муртазалиев арызында Бишкек шаардык административдик сотунун 1-марттагы чечимин негиз кылып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аны №29 Свердлов райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты деп таанууга тийиштигин билдирүүдө. Талапкер аталган сот чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырганын, Кыргызстандын процессуалдык кодексине ылайык, апелляциялык өтүнүч берилген учурда сот чечими күчүнө калтырган кезден тарта иштей баштарын белгилеген.

"Административдик соттун чечими күчүнө киргенине карабай, чечим бүгүнкү күнгө чейин БШК тарабынан аткарылган жок", - деп жазылган кайрылууда.

Талапкер так ушундай эле бүтүм Жогорку соттун 30-апрелдеги токтомунда да сакталганын, БШК мандатынан ажыратылган депутат Шайлообек Атазовдун ордуна Абдурахманхажи Муртазалиевди шайланган депутат деп таанууга милдеттүү экенин белгилөөдө. Муртазалиев БШК 7-майдагы отурумунда Атазовду мандатынан ажыратып, ал эми мандатты өзүнө ыйгарууга тийиш болсо да, аны аткарбаганын жазган.

Кайрылуу ээси Башкы прокуратурадан БШКнын ишине укуктук баа берүүнү жана мыйзам чегинде чара көрүүнү сураган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 7-майдагы отурумунда Шайлообек Атазовду №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты деп таануу тууралуу чечимин жокко чыгарды.

Боршайком мындай бүтүмгө соттордун чечимдерин аткаруу максатында келгени белгиленди.

Жогорку сот 30-апрелде Атазовдун мандат маселесине байланыштуу буга чейинки эки инстанциянын токтомун жокко чыгаруу боюнча арызын карап, Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырган.

Жогорку соттун басма сөз кызматы соттук коллегия андан тышкары БШКнын 2022-жылдын 9-мартындагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча чечими жокко чыгарылганын билдирген.

Башкача айтканда, Абдурахманхажи Муртазалиевдин алган добушу жарактуу деп табылат.

Бишкектин административдик соту 1-мартта №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарып, мандатты Абдурахманхажи Муртазалиевге берүүнү чечкен. Бир айдан кийин Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу кезектеги сүйлөшүү өттү Терроризмге жана педофилияга айыпталгандарга пенсия төлөнбөйтСанкт-Петербургда сууга кулаган автобустун айдоочусу ооруканадаБалбан Үзүр Жусупбеков Париж Олимпиадасына жолдомо алды "Кайгылуу бийкечтин каны". Айгүл - сүйүүнүн символу