Кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу кезектеги сүйлөшүү өттү

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүдөгү кыргызстандык жумушчу топ. Бустон, Тажикстан. 5-11-май, 2024-жыл.

Тажикстандын Бустон шаарында 5-11-май күндөрү кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу эки өлкөнүн жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматы "тараптар чек аранын чечиле элек аймактары боюнча сунуштары менен алмашканын" билдирди. Келерки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт жана сүйлөшүүлөр уланат.

"Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары - Камчыбек Ташиев, Абдусалом Азизов жана Саймумин Ятимов 6-майда Ферганада жолугушканы кабарланган. Анда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо жараянын тездетүү чаралары белгиленгенин, кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерлер боюнча макулдашууларды даярдоо жана кол коюу маселесинде өкмөттөр аралык комиссия мүчөлөрүнө тапшырма берилгенин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 7-майда билдирген.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл аягында Баткенге барганда Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын айтышкан.

Чек ара такталбагандыктан суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта байма-бай чыр-чатактар болуп келген. 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында чек арада эки мамлекет кандуу кагылышууга барган.(ZKo)

Дагы караңыз

Терроризмге жана педофилияга айыпталгандарга пенсия төлөнбөйтСанкт-Петербургда сууга кулаган автобустун айдоочусу ооруканадаБалбан Үзүр Жусупбеков Париж Олимпиадасына жолдомо алды "Кайгылуу бийкечтин каны". Айгүл - сүйүүнүн символу"Орусиянын сүтү басты". Ишкерлердин депутаттарга жообу