Израил чалгын кызматынын башчысы ХАМАСтын чабуулунан улам кызматтан кетти

Израилдин Чалгын кызматынын экс-жетекчиси, генерал-майор Аарон Халива.

Израил Чалгын кызматынын башчысы Аарон Халива ХАМАС (АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган) уюмунун 7-октябрдагы чабуулуна байланыштуу 22-апрелде кызматтан кеткенин аскерлери билдиришти.

Бул Израилге жасалган эң кандуу кол салууга байланыштуу иштен кеткен алгачкы жогорку даражалуу адам болуп калды.

"Мен башкарган чалгын кызматы алдыбызга коюлган тапшырмаларды аткара албай калды. Бул каран күн ар дайым менин эсимде болот”, - деп жазылат генерал-майор Аарон Халиванын арызында. Маалыматты аскерлер AP агенттигине бөлүшкөн.

7-октябрда ХАМАС радикал уюму Израилдин конуштарына кол салып, 1200 кишини өлтүрүп, 250дөй адамды Газа тилкесине барымтага алып кетишкен.

Бул кандуу чабуул Газадагы жети айдан бери токтобой жаткан согуштун башталышына түрткү болду.

ХАМАСтын кол салуусунан көп өтпөй эле Халива коом алдында чабуулдун алдын албаганы үчүн жоопкерчилик өзүндө экенин айтып, күнөөсүн мойнуна алган. Ал арада өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху кандуу калаба үчүн жоопкерчиликти өзүнөн алыстатууга аракет кылып келет.

Газадагы согуш, ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, 34 миңдей адамдын өмүрүн алды. Газадагы ири шаарлар талкаланды, калктын 80% качкынга айланды. Куралдуу жаңжалдан улам аймакта гуманитардык апаат башталып, ачарчылык коркунучун жаратты.

Дагы караңыз

Чет өлкөлүктөр үчүн кумар оюндарын уюштурган шектүүлөр кармалдыӨзбекстанда калктын саны 37 миллиондон аштыСиликон өрөөнүндө Жогорку технологиялар паркынын үйү ачылды