Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Өзбекстанда калктын саны 37 миллиондон ашты


Ташкенттин тургундары. 1-сентябрь, 2016-жыл. Архивдеги сүрөт.
Ташкенттин тургундары. 1-сентябрь, 2016-жыл. Архивдеги сүрөт.

Өзбекстанда калктын саны 37 миллиондон ашты. Бул тууралуу Статистика боюнча мамлекеттик комитеттин демографиялык кырдаал тууралуу соңку баяндамасында белгиленген.

Маалыматка караганда, 22-апрелдин түнүндө Өзбекстандын жарандарынын саны туура 37 миллионго жетти. Анын 18,5 миллионун эркектер, 18,3 миллионун аялдар түзөт.

Өлкөдө туруктуу жашагандардын саны былтыр ушул маалдагы көрсөткүчтөргө караганда 2,1%га жогорулаган. Болжолдуу эсептерге караганда, 2030-жылга чейин Өзбекстанда калктын саны 41 миллиондон ашат.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен калктын санын алганда Өзбекстан биринчи орунда, андан кийин Казакстан турат. Ал жакта калктын саны 20 миллионго чукулдап калды. Тажикстанда 10 миллиондон ашты. Түркмөнстанда алты миллиондон көп.

Ал эми Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны 2022-жылдын 19-октябрга караган түнү төрөлгөн.

XS
SM
MD
LG