Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:53

Чет өлкөлүктөр үчүн кумар оюндарын уюштурган шектүүлөр кармалды


Казинодогу жабдуулардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Казинодогу жабдуулардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында чет элдик жарандар үчүн көмүскө кумар оюндарын уюштурду делген эки шектүү кармалганын билдирди. Алардын бири чет өлкөлүк жаран болгон.

Милициянын кабарлашынча, мыйзамсыз кумар уюштурулган жай караоке катары иштеп келген. Аталган жайды тинтүү учурунда жыйырмадан ашык чет өлкөлүк жаран, анда иштеген 13 кыз (бири жашы жете элек) болгон. Имараттагы оюн столдору, фишка жана акча алынды.

Учурда кылмыш жаза кодексинин 219-беренеси (“Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Учурда Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган эки казино расмий иштеп жатат. Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбейт. (TSh)

XS
SM
MD
LG