Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:13

Силикон өрөөнүндө Жогорку технологиялар паркынын үйү ачылды


Силикон өрөөнүндөгү Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын үйү. Министрлер кабинети тараткан сүрөт.
Силикон өрөөнүндөгү Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын үйү. Министрлер кабинети тараткан сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сан-Франциско шаарынын Силикон өрөөнүндө Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын үйүнүн ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарага эл аралык технологиялык корпорацияларда иштеген кыргызстандык IT-адистер катышты. Акылбек Жапаров дүйнөдөгү IT тармагындагы иштеген кыргыздарды колдоого аларын билдирди.

Силикон өрөөнү АКШдагы эң атактуу IT hub (IT борбор) болуп эсептелет.

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы түзүү демилгеси көп жыл мурда сунушталып, тиешелүү мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. Натыйжада ал өз алдынча түзүм катары 2013-жылдан иштей баштаган. Ал Кыргызстандын IT компанияларын көмүскөдөн чыгаруу максатында уюшулган. Парктын мүчөлөрүнө жеңилдетилген салык режими каралган. Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын мүчөлөрү 2023-жылы 7 млрд 757 млн сомдон ашык киреше менен чыкты. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG