Кыргызстанда 53 548 ата-эне балдарына алимент төлөбөй жүрөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда учурда 53 548 ата-эне балдарына алимент төлөөдөн качып жүргөнүн Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин башчысы Урмат Кожомбердиев 22-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди. Анын сөзүнө караганда, арасында жылдап төлөбөй жүргөндөрү бар.

"Бир нече айлап, айрымдары жылдап алимент төлөбөй жүргөндөрү бар", - деди Кожомбердиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров акыркы убакта ажырашуулар көбөйгөнүң, балдардын расмий никеси жок үй-бүлөлөрдө төрөлүүсү да көбөйүп жатканын билдирип, Министрлер кабинетин бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

2023-жылы Кыргызстанда балдарына чегерилген алиментти атасы же энеси төлөбөй жатканын айтып, сотко кайрылгандардын саны 41 миңден ашкан. Сот департаментинин маалыматына ылайык, 2022-жылы мындай ата-энелердин саны 39 655 адамды түзгөн. Төлөнбөгөн карыздардын жалпы суммасы 10 миллиард сомдон ашары кабарланган.

Сот департаментинин 2023-жылы апрелдеги маалыматына ылайык, Кыргызстанда ар кандай айып пул, алимент жана башка карыздарын төлөбөгөн 71 миң жарандын өлкөдөн сыртка чыгышына тыюу салынган. 2022-жылдын жыйынтыгында төлөнбөгөн карыздар 22 миллиард сомдон ашкан.(ZKo)

Дагы караңыз

Чүйдө келинине кол көтөргөнү айтылган киши кармалды УКМК издөө салынган ишкер Имамидин Ташов кармалганын кабарладыТүркмөнстанда динчил жарандарга көзөмөл күчөдүИранда хижабсыз жүргөндөрдү көзөмөлдөө боюнча жаңы кызмат түзүлдү