Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:09

Түркмөнстанда динчил жарандарга көзөмөл күчөдү


Түркмөнстандагы мечит. Иллюстрациялык сүрөт.
Түркмөнстандагы мечит. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандын бийлиги динчил жарандарга көзөмөлдү күчөтүүдө. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мамлекеттик мекемелерде жана ишканаларда диний ырым-жырымдарды аткарган же сырткы көрүнүшүнөн "динчил" экени байкалып турган кызматкерлер аныкталып, аларга эскертүү берилүүдө.

"Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери ажылыкка барган жана ислам дининин талаптарын аткарган мамлекеттик кызматкерлерди, анын ичинен мектеп мугалимдерин аныктап, аларга эскертүү берүүдө", – деп билдирди радионун кабарчысы.

Анын айтымында, бюджеттик мекемелерде иштеген эркектерге сакал коюуга, аялдарга ак жоолук менен жүрүүгө тыюу салынып жатат. Муну аткарбаган кызматкерлерден иштен кетүү тууралуу арыз жазуу талап кылынууда.

Баш мыйзамына ылайык, Түркмөнстан - светтик өлкө, калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөт. Өлкөдө бир нече чоң мечит курулган жана жаңылары да салынууда. Бир канча жыл мурда мечит курулуштары үчүн элден акча чогултулуп жатканы кабарланган.

Түркмөнстанда мусулмандарга Орусиядагы теракттан кийин басым күчөгөнү айтылууда. Түркмөн бийлиги мечитке барган жаштарды куугунтуктап, сакалчан кишилерден сакалын алууну талап кылып жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG