Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Иранда хижабсыз жүргөндөрдү көзөмөлдөө боюнча жаңы кызмат түзүлдү


Ирандын көчөсүндөгү кыз-келиндер. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандын көчөсүндөгү кыз-келиндер. Иллюстрациялык сүрөт.

Иранда аялдар үчүн киргизилген дресс-коддун сакталышын көзөмөлдөө боюнча жаңы кызмат түзүлдү. Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Тегерандагы күчтөрүнүн командири Хасан Хасанзаде билдирди.

Анын айтымында, жаңы түзүлгөн мекеменин кызматкерлери аялдардын коомдук жайларда хижабды "кыйла жоопкерчиликтүү түрдө кийүүсүн" камсыздоо үчүн атайын даярдыктан өтүшкөн.

"Фарда" радиосунун маалыматына караганда, Иранда акыркы күндөрү кыз-келиндердин адеп-ахлакка ылайык жүрүшүнө көзөмөл күчөтүлгөнү байкалууда. Интернетке жарыяланган видеолордон рейддин катышуучулары аялдарга орой мамиле жасап жатышканын көрүүгө болот.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталып, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

XS
SM
MD
LG