Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

Чүйдө келинине кол көтөргөнү айтылган киши кармалды


Талашка түшкөн мүлк.
Талашка түшкөн мүлк.

Аламүдүн районунда келинине кол көтөргөнү айтылган адам 20-апрель күнү кармалып, эки суткага камалды. Жабырлануучу 22-апрелде "Азаттыкка" кайрылып, кайнатасын кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылды.

"20-апрелде милиция экөөбүздү тең суракка чакырган. Кечке чейин суракта болуп, кечинде мени кое беришкен. Эртеси мага тергөөчү телефон чалып, ал "48 саатка камалды" деп айтты. Демек, кармоо мөөнөтү бүгүн бүтөт. Эгер чыгарып жиберишсе, ал мага кайрадан кол көтөрөт деп коркуп атам. Аны чыгарбай, кылмыш жоопкерчилигине тартуусун суранам жана талап кылам", - деди жабырлануучу келин.

Чүй облустук милициясынын маалыматка ылайык, бул окуя боюнча Аламүдүн райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 214-берене ("Өзүм билемдик") жана 216-беренеси ("Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу") менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Чүй облусунун Лебединовка айылынын тургунукайын атасы үй талашып, күн көрсөтпөй жатканын айтып, журналисттерге кайрылган.18-апрель күнү "Настоящее время" долбоорунун кабарчыларына келинди тааныбайм деген адам алардын көзүнчө келинге кол көтөрүүгө аракеттенип, телефонун сындырган.

Окуядан кийин келин милицияга арыз жазган.

Кыргызстандык аялдардын менчикке болгон укугун коргоо кыйын. Үйлөрдүн көбү эркекке катталган. Өзгөчө жубайлар ажырашканда аял үй-жайсыз калган, мунун айынан соттошкон учурлар көп эле кездешет. Мамкаттоо кызматынын буга чейинки иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстанда аялдардын турак-жай менчигине болгон укугу толук корголбойт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG