Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча Таалайбек Ибраевге сөгүш берүү сунушталды

Таалайбек Ибраев.

Бишкек жылуулук борборундагы кырсыкты изилдөө үчүн түзүлгөн комиссия бул кырсык боюнча бир катар жетекчилерге чара көрүүнү сунуштады.

Бул тууралуу 11-апрелдеги маалымат жыйында комиссиянын төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Алар келтирген сунушта энергетика министри Таалайбек Ибраевге сөгүш берүү, министрдин ушул тармакты караган орун басарына катуу сөгүш берүү жана ЖЭБдин кызматкерлерине тартиптик чара көрүү каралган.

ЖЭБдеги авариянын себептерин аныктоо боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкканын буга чейин энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев “Азаттыкка” билдирген.

Анын сөзүнө караганда, комиссия 22-мартта ишин жыйынтыктап, анда ЖЭБдеги кырсыкка айрым кызматкерлер жана эскилиги жеткен жабдыктар негиз болгон деген тыянакка келген.

ЖЭБдеги кырсыкты изилдөө үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер кирген мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеген.

2-февралда таңкы саат 3төр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган.

Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.

ЖЭБдеги авариядан беш адам жабыркап, Бишкектеги “Тез жардам” борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлүп, дарыланып жатат.

Өткөн аптада жабыркаган кызматкерлердин бири дары-дармекке акча бөлүнгөнүн, бирок кенемте төлөнбөй жатканын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоду.

Дагы караңыз

Бишкекте жүк ташуучу жана атайын техниканын айдоочулары иш таштадыПарламент төрагасы балдарга кыргызча ысым коюуга чакырдыЧойбеков мандаты боюнча соттун чечимин акыйкатсыз деп атадыЖогорку Кеңеш бала бакчанын тамагына казынадан акча бөлүү мыйзамын колдоду