Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:57

Жогорку Кеңеш бала бакчанын тамагына казынадан акча бөлүү мыйзамын колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 11-апрелде "Билим берүү жөнүндө" мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү үчүнчү окууда талкуусуз колдоду. Бул мыйзам долбоорунда бала бакчалардын тамак-ашына акча мамлекеттик казынадан бөлүнөрү жазылган.

2023-жылы күзүндө Каржы министрлиги Кыргызстанда бала бакчаларда ата-энелердин эсебинен тамактануу уюштуруларын билдирген. Министрлик буга ошол жылы 11-августта "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынганын негиз кылган.

Мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктунда "мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) эсебинен жүзөгө ашырылат" деп жазылган.

Бул маалымат коомчулуктун нааразылыгын жаратып, депутаттар мыйзамды өзгөртүүнү сунуштаган.

Расмий маалыматтарда Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG