Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:17

Чойбеков мандаты боюнча соттун чечимин акыйкатсыз деп атады


Эмилбек Абдыкадыров жана Бактыбек Чойбеков. Коллаж.
Эмилбек Абдыкадыров жана Бактыбек Чойбеков. Коллаж.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков мандаты боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин мыйзамсыз деп, ага каршы Жогорку Сотко кайрыларын “Азаттыкка” билдирди.

“Ал (ред.: Эмилбек Абдыкадыров) губернатор же мэр болуп турганда арыз жазса туура болмок. Жумушу жок калганда мандат алам дегени адамдык, аксакалдык сапатка жарашпай жатат. Албетте, бийлик тарабынан бир аз колдоо болгон үчүн ушуга барып жатат”, - деди депутат.

9-апрелде Бишкек шаардык соту буга чейинки инстанциянын №21 Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимин күчүндө калтырган.

2021-жылы аталган округдан талапкер болгон Эмилбек Абдыкадыровдун өкүлү буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп келген Бактыбек Чойбековдун добуш сатып алганын айтып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнгөн.

Боршайком 22-февралдагы отурумунда аны канааттандырган эмес. БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова бул чечимге каршы сотко кайрылса болорун айткан.

Бишкек шаарынын административдик соту 28-февралда бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Эмилбек Абдыкадыровдун арызын канааттандырган.

Бактыбек Чойбеков 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Ушул эле округдан Эмилбек Абдыкадыров да ат салышкан. Ал 2022-жылы февралда Бишкектин мэри болуп дайындалган. Бул кызматтан 2023-жылы ноябрь айында кетип, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Бул кызматта үч айдай гана иштегенден кийин жумуштан алынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG