Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:14

Парламент төрагасы балдарга кыргызча ысым коюуга чакырды


Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги жыйынында төрага Нурланбек Шакиев соңку учурда ымыркайларга кыргызча ысым ыйгарылбай жатканын, бул тил маселесине терс таасирин тийгизерин билдирди.

Спикер мыйзам долбоорундагы ар кандай терминдерди кыргызча сөздөр менен атоого чакырды.

“Халал эмес адал, кыргызча эле айталычы. Кыргыздын сөздөрүн арапчалап же орусчалап өзгөртүп жибердик. Адам аттарын койгондо дагы кыргыз ысымдары арапча болуп жатат. Кыргыздын жакшынакай эле ысымдары барда. Бул абдан маани бере турган нерсе. Эгерде биз нукура кыргызча аттарды койбосок, анда кыргыз тилибиз эмес, элдин аты дагы жоголуп кетет”, - деди.

Төрага мындай пикирин “Кыргыз Республикасында адал индустрия жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда айтты.

Депутат Дастан Жумабеков кыргызча ысымдар боюнча спикерге"ата-энелердин балдарына каалаган ысымды ыйгарууга укугу бар" деп жооп берди.

Улуттук статистика комитети соңку жылдары Кыргызстанда балдарга арапча ысым койгон ата-энелер көбөйгөнүн кабарлап келет.

Былтыр 17-июлда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG