Ошто жарык жоктугуна даттанган жаңы конуш тургундары милицияга чакырылды

Кең-Сай жаңы конушунан жер алгандар. (архивдик сүрөт)

Ош шаарына караштуу Кең-Сай конушунун тургундары аймакта электр энергиясы жоктугун айтып чыкканы үчүн милицияга чакырылды.

Бул маалыматты алардын бири "Азаттыкка" билдирди. Жергиликтүү тургундардын он чакты өкүлү бүгүн 4-апрелде жаңы конуштагы электр энергиясын тартып берүүгө көмөк көрсөтүүсүн суранып, президент Садыр Жапаровго, шаар мэри Бакытбек Жетигеновго кайрылуу жасоо үчүн мэриянын алдына чогулушкан. Аларды шаар бийлиги кабыл алган. Ал жерден чыккандан кийин чогулгандарды шаардык милицияга чакырышкан.

Ош шаардык милициясы алардын чакырылганын ырастады. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматынын "Азаттыкка" маалымдашынча, мэриянын алдына чогулгандар мүдөөсүн угуу үчүн чакырылган.

"Бүгүн Ош шаардык милициясынын 102 номуруна Кең-Сай конушунун тургундары митингге чыгат экен деген маалымат келип түшкөн. Кызматкерлер митингге барам деген жарандарды аныктап, алардын митингге баруу себебин аныктоо үчүн, ошондой эле алардын мамлекеттик кызматкерлерге арыз доосу барбы же мэрия кызматкерлери мыйзамсыз иш-аракетке барганбы, ошолорду аныктоо үчүн тергөөгө чакырылган", - деди басма сөз кызматынын инспектору Абсаттар Табакалов.

Ош шаарынын бийлиги 2010-жылы жер басып алуу аракеттерин токтотуу үчүн шаар четиндеги Жапалак айыл өкмөтүнүн Кең-Сай массивинен жер тилкелерин элге берүүнү чечкен. Жалпысынан 10 миңден ашуун адамга жер бөлүп берилген. Конуштагы шарттарды түзүш үчүн 10 миллиард сом каражат кетери айтылган. Анын ичинен 1 миллиард сомго жакын акча бөлүнүп, ал да максаттуу пайдаланылбай калган.(DSh/ZKo)

Дагы караңыз

Украинада дрон чабуулунан адамдар каза болду, Зеленский 500 миң аскер чакыруу зарылчылыгы жоктугун айтты Президент министр Бейшеналиевди айыптаган билдирүүлөргө жооп бердиКазакстан: Сотто Нукенова боюнча экспертизанын жыйынтыгы айтылды Милиция 33 жаштагы келиндин өлүмүнө шектүү кармалганын билдирди Жети-Өгүздө 37 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүү камалды